Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Референдум тууралуу конституциялык мыйзам референдумдан кийин кабыл алынат


Бейшемби күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасындагы референдум тууралуу» конституциялык мыйзамды экинчи окулушунда талкуулоону аякташты. Оппозициячыл маандайдагы депутаттар аталган мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында талкуулангандыгын айтышып, мыйзамды толук бойдон кабыл алууну сунуш кылышты. Ал эми Турдакун Усубалиев баштаган бир катар депутаттар мындай мыйзамды элдик референдумдан кийин кабыл алуу маселесин көтөрүштү. Добуш берүүгө келгенде оппозициячыл маанайдагы депутаттардын сунушу колдоо тапкан жок. Натыйжада мыйзамды кабыл алуу белгисиз мөөнөткө калтырылды.Буга чейин өлкөдөгү бир катар саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда жогорудагыдай мыйзам кабыл албай туруп, элдик референдум өткөрүү мыйзамсыз болоорун жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG