Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Үчүнчү элдик курултай Бишкекте өткөрүлөт


Кыргызстан элинин үчүнчү курултайы 26-январда Бишкек шаарында өткөрүлөт. Курултайга ар бир областтын бардык райондорунан делегаттар чакырылды. Бул тууралуу бейшемби күнү Элдик референдумга көзөмөл кылуучу коомдук штабдын жетекчиси Өмүрбек Текебаев маалымдады. Анын айтымына караганда, курултайда 2-февралга белгиленген элдик референдумга байланыштуу маселе, Аксы окуясында күнөөлүү деп табылгандардын үстүнөн өткөрүлгөн сот жараянынын мыйзамсыздыгы, биринчи, экинчи курултайда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана келечекте жасала турган иштердин планы талкууга алынат. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, азырынча курултайдын кайсыл жерде өткөрүлө тургандыгы коомчулукка ачык жарыяланбайт.
Оппозиция өкүлдөрүнүн үчүнчү Элдик курултайды 2002-жылдын 16-январында Бишкекте өткөрүү аракетине аткаруу бийлиги мүмкүнчүлүк берген эмес. Республиканын жер-жерлеринен курултайга келген делегаттар күч менен туруктуу жашаган жерине жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG