Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:20

Нарын областында бөрүлөр күч алды


Акыркы айларда Нарын областында карышкыр менен чөө көбөйүп,малга тийген учурлар арбыды. 23-январда аңчылык ресурстарды коргоо жана пайдаланууну жөнгө салуу боюнча областтык башкармалыктан алынган маалымат боюнча, кыш айларынын башталышынан бери 600гө жакын бодо малды, 1000ден ашуун майда жандыктарды карышкыр кырып кеткен. Ага байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн жана Нарын областтык мамлекеттик администрациянын буйруктарынын негизинде ар бир райондо карышкыр атар топтор түзүлүп, мылтыктар жана ок-дарылар бөлүнө баштады. Бөрүгө саят кылчулардын пикири боюнча, бул иштер тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыктан нааразылыктар пайда болууда. Мисалы, Нарын районунда түзүлгөн бир топко бир гана мылтык бөлүнгөн.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG