Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Базаркоргон районунда «Атамекен» социалисттик партиясынын областтык бөлүмүнүн жыйыны өткөрүлдү


23-январда Жалалабад областынын Базаркоргон районунда «Атамекен» социалисттик партиясынын мүчөлөрүнүн жыйыны болду. 2-февралдагы референдум маселесин талкуулаган бул жыйынга «Ата-Мекен» партиясынын Базаркоргон, Ноокен, Майлысуу жана Ташкөмүр аймактарындагы мүчөлөрү менен активисттери катышты. Алар Конституциянын долбоорун талкуулоого убакыттын аз бөлүнгөндүгүн, Конституциянын жаңы редакциясы элдик талкууга коюлбагандыгын белгилешти. Ошондой эле жаңы мыйзам долбоорунда президентке ашыкча бийлик берилип калганын, парламенттик шайлоого карата партиялык тизменин алынып салынышын туура эмес деп табышты. Жыйын катышуучулары кайрылуу кабыл алып, областтын калкын референдум күнү келечекке жоопкерчилик менен карап,добуш берүүгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG