Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Орусия генералынын Кыргызстандагы иш сапары аяктады


Орусиянын аскерий-аба күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары, авиациянын генерал-лейтенанты Анатолий Ноговицин баштаган эксперттик топ Кыргызстандагы жумушчу иш сапарын 23-январда жыйынтыктады. Бишкекке эксперттик топ Канттагы аскер аба майданына Орусия Федерациясынын аскер-аба күчтөрүнүн айрым бөлүгүн жайгаштыруу боюнча уюштуруу маселелерин Кыргызстан тарап менен талкуулаш үчүн 21-январда келген. Бейшембиде кечинде берилген маалымат жыйынындагы билдирүүлөргө караганда, Орусия тараптын Анатолий Ноговицин баштаган, Кыргызстан тараптын Коргоо министрлигинин авиация башкармалыгынын башчысы Сайфутдин Азизов жетектеген эксперттик топтору уюштуруу иштери боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү аякташты. Бул боюнча эксперттик топтор коргоо министри Эсен Топоевге маалымат беришти. Ноговициндин билдирүүсү боюнча, аскер–аба күчтөрүн жайгаштырууга чыгымдалчу каражаттын басымдуу бөлүгүн Орусия тарап өз мойнуна алат. Кант аба майданын Орусиянын аба күчтөрүн жайгаштырууга даярдоо багытындагы сүйлөшүүлөрдү улантыш үчүн январь айынын этегинде Кыргызстандан коргоо министринин биринчи орун басары Аликбек Мамыркулов баштаган делегация Москвага барат.

XS
SM
MD
LG