Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Баян Жумакадыр кызы, Прага 22-январда Франция менен Германия Иракты тынчтык жолу менен курасыздандырууга чакырып, Улуттар Уюмунан Иракта иштеп жаткан курал инспекторлорунун кызмат мөөнөтүн узартууну талап кылышты.

Елисей Келишиминин 40 жылдык мааракесине арналып Версалда өткөрүлгөн салтанатта Германиянын канцлери Герхард Шрөдер менен Франциянын президенти Жак Ширак Ирак кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдой тургандыктарын билдиришти. Эки жетекчи Иракка каршы чара колдонуу маселесин бир гана мекеме - БУУнун Коопсуздук Кеңеши чече ала турганын жана өлкөгө каршы аскердик чара көрүүгө андан бөлөк эч кимдин мыйзамдуу укугу жок экенин белгилешти. Эки өлкөнүн билдирүүсүндө: "Биз Иракта согушту болтурбоо үчүн колдон келген аракетибизди жасайбыз" - деп айтылат. Ал эми андан бир күн мурда канцлер Шрөдер Германия Коопсуздук Кеңешинде Иракка согуш ачууга каршы добуш бере турганын айтты. "Германия согушка жол ачкан резолюцияга макул болот деп күтпөй эле койгула!" - деди ал Берлинде жасаган билдирүүсүндө.

Расмий Вашингтон Европанын эң таасирдүү өлкөлөрүнөн саналган бул экөөнүн позициясын тоотпогонун көрсөтүүдө. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд: "Европа жалгыз эле Германия менен Франциядан турбайт. Европанын башка көптөгөн өлкөлөрү АКШны колдойт", – деп билдирди. Ал эми президент Буш Ирактын аскерлерине кайрылып, Саддам Хуссейндин буйругун аткарбоого үндөдү, ал тургай, опузалаганга аракеттенди:

- Саддам Хуссейндин, анын уулдарынын, же бийлик башында турган башка баш кесерлердин буйругун алган офицерлер менен солдаттарга кеңеш берем. Ал буйрукту аткарбагыла. Аткарсаңар, Ирак бошотулганда силер согуш кылмышкерлери катары жазага тартыласыңар!

Аналитиктер Шрөдер менен Ширактын соңку билдирүүсү Ирак маселесинде дүйнөнүн таасирдүү өлкөлөрүнүн ичиндеги жиктелүүнү тереңдеткенин айтып жатышат. Ал жиктин бир жагында Германия, Франция жана Орусия болсо, экинчи жагында - АКШ менен Британия. Бирок Германия келерки 2 жылдын ичинде БУУнун кеңейтилген Коопсуздук Кеңешинде добуш берүү укугуна ээ болгону менен, вето койуу укугуна ээ эмес. Ал эми Франция болсо сөз жүзүндө согушка каршы болгону менен, Коопсуздук Кеңешинде жакында ыктымал баштала турган дебаттарда кандай добуш бере турганын али ачык айта элек.

27-январда Иракта иштеп жаткан курал инспектолору Коопсуздук Кеңешинде кеңири баяндама жасашат. Бирок инспектолордун жетекчиси Ханс Бликс БУУнун текшерүүсүнүн өтөлүнө чыгуу үчүн дагы кошумча убакыт сурап жатат. Алардын мындай өтүнүчүн Франция, Германия жана Орусия колдоодо.

Европалык лидерлер ноябрь айында Иракка инспекторлордун кайра кайтып келишкендигинин өзү - дипломатиянын чоң жеңиши болду деп эсептешет. Жана кризисти тынчтык жолу менен чечүүдө пайда болгон мүмкүнчүлүктү эки айлык мөөнөт менен чектөө - чоң жаңылыштык болорун эскертип жатышат. Швециядагы "Тынчтыкты Изилдөө Институнун" курал-жарак эксперти Жан Паскаль Зандерс Иракта иштеп жаткан инспектолор жаңыдан иштин кызыгына киргенин белгилеп, өлкөнүн курал- жарагын толук электен өткөрүү үчүн алда канча көп убакыт керек экенин билдирет:

- Куралдарды толук текшерип чыгуу үчүн инспекторлорго көптөгөн айлар, а мүмкүн, бир жылдан кем эмес убакыт керек болот. Ирак сыяктуу өлкөнүн бүткүл аймагын текшерүү үчүн, Багдаттын болжолдуу аскердик программаларын электен өткөрүп, өлкөнүн куралдарын узак мөөнөт көзөмөлдөй турган системаны орнотуу үчүн эки ай өтө эле аздык кылат.

Бирок расмий Вашингтон Иракка кошумча убакыт берүүнүн пайдасы жок экенин айтат. "Бул Ирактын курал инспекторлору менен 'жашынбак ойношуна' гана шарт түзөт ",- дейт президент Буш.

Иракка согуш ачууга каршы чыгып жаткан Германия менен Франциянын билдирүүсүнө каяша кылган Британиянын премьери Тони Блэйр анын өлкөсү АКШга шерик боло турганын дагы бир жолу бекемедеди:

- Эгерде кимдир бирөөлөр Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына бөгөт болушса, Британия АКШнын Иракка каршы өз алдынча жүргүзө турган аскердик операцияларын колдойт.

Аналитиктердин көбү согуш эчак эле чечилген маселе экенин айтышат. Орусиянын кабар агенттиги өлкөнүн ысымы беймаалым жогорку даражалуу офицерине шилтеме берип, аскердик чабуул февралдын орто ченинде баштала турганын боолголойт. Агенттик кандуу калабанын негизги максаты - Саддамды төңкөрүү эмес, Ирактын мунай кендерин көзөмөлгө алуу, - деген пикирин да баса белгилейт.
XS
SM
MD
LG