Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

ЛАТВИЯДА УЛУТТУК ТИЛДИ САКТАП-БАЙЫТУУ ИШИ КОЛГО АЛЫНГАН


Советтик доорду артка калтырып, Батыш тарапка, Европалашууга багыт алган Латвияда мамлекеттик тилди байытып-калыптандыруу иши кадимкидей жолго коюлган. Курамына 58 мыкты тилчилер кирген өкмөттүн алдындагы Котормолор жана терминология борборунда латыш тили боюнча ар түрдүү сөздүктөр даярдалат. Ал комиссиянын мүчөлөрү көз карандысыздыктын башындагы бардык сөздөрдү улутташтырып, латыш тилине которуу саясаты азыр артта калганын айтышат.

Латвиянын Котормолор жана терминология борборунун башкы адиси Петерис Удрис мамлекеттин саясаты түп-тамырынан өзгөрүп, жаңы багыт тандалганда, анын таасири сөзсүз тилге да тийээрин айтат. "50 жылча "темир көшөгө" артында жашап, тилибиз катып калган экен. Эми демократия, жаңы технология, базар экономикасы менен кошо каптап келген миңдеген чет элдик сөздөрдү латыш тилине которуп, же тилдин өзгөчөлүгүнө жараша бир аз өзгөртүп-сиңирүү иши чоң эмгекти талап кылууда", - дейт Латвиянын тил комиссиясынын мүчөсү. Айтмакчы, 34 жаштагы Петерис Удрис жаш болсо да, эне тилинен башка англис, немец, француз, швед жана эстон тилдерин өз алдынча ийине жеткире өздөштүрүп алган. Анын алты тилде жазып-сүйлөгөн таланты латыш тилинин жаңы сөздүктөрүн түзүү иши үчүн зор табылга. Анткени 850 жылдык тарыхында Латвия 2 жолу гана көз карандысыздыкка ээ болгон. Адегенде биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштар ортосунда 23 жыл эгемен өлкө болсо, экинчи жолу экс-Советтер Союзу кулаганда эркиндикке жетти. Ага чейин кылымдар бою аймакта Германия, Польша, Швеция жана Орусиянын бийлиги алмашып, латыш тилине улам бир чет тилдин таасири тийип турган.

90-жылдары жаңы замандын шарапаты менен "бизнесмен", "банкрот", "омбудсман", "лицензия" өңдүү толгон-токой сөздөр күнүмдүк жашоодо пайдаланыла баштаганда, Латвиянын Мамлекеттик тил комиссиясы аларды алгач латыш тилине которуп, унутулуп калган эски, архаикалык сөздөр менен алмаштырып, же мааниси окшош кошмо сөздөргө айландырууга аракет кылган. "Кийинчерээк, убакыт өткөн сайын көп эл аралык сөздөр ошол боюнча киргени оңтойлуу экени түшүнүктүү болду", - деген "Азаттык" радиосунун латыш редакциясынын директору Петер Звагулис сөзүн мындайча улантат:

- Латвияда көз карандысыздыктан кийинки улуттук тилди калыптандырып-өнүктүрүү процессин 2 этапка бөлсө болот. Биринчиси – жаңыдан эгемендик алганда, тил саясатында да кызуу кандуулукка, улутчул ураандарга жол берилген. Орусча, советтик терминдерди жок кылуу, аларды байыркы латын тилинен келген сөздөргө айырбаштоо башталган. Азыр эми 2-этап жүрүп жатат. Компьютердик технологиянын өнүгүшү менен, көптөгөн англисче сөздөр каптап келди. Аларды да башында адистер туура которбой, латыш тилинин жазуу жана башка эрежелерине доо кеткен учурлар болбой койгон жок. Андан кийин түзүлгөн Котормолор жана терминология комиссиясынын максаты - тилдеги ушундай башаламандыкты жоюу.

Европа Биримдигине кошулууга чакыруу алган Латвия чукул арада Еврошаркеттин 80 миң беттен турган мыйзамдарын англис жана француз тилдеринен латышчага оодарышы керек. Котормолор жана терминология боюнча комиссия мүчөлөрү көз карандысыздык жылдары латыш тилине кеминде 50 миңдей жаңы сөз киргенин айтышат. Өкмөттүк комиссия кабыл алган ар бир термин маалымат каражаттарында жарыяланып турат, жаңы сөздөр 2-3 жылда эл арасына кадимкидей сиңип калаарын турмуш көргөзүүдө. Айтмакчы, Латвиянын терминология комиссиясы мамлекеттик тилдин туура калыптанып-өнүгүшүндө журналисттер чоң роль ойнооруна басым жасайт. "Азаттык" радиосунун латыш редакциясынын жетекчиси Петер Звагулис бул тууралуу мындай дейт:
- Биз адабий тилдин стандарттарын сактоого аракет кылабыз. Албетте, айрым учурларда жаңы сөздөрдү колдонууга туура келет. Андай учурларда биз дүйнөдө калыптанып калган эл аралык сөздөрдү ошол бойдон пайдаланабыз, бирок чет элдик сөздөргө негизинен консервативдүү мамиле жасайбыз десем болот. Эң негизгиси, радионун башкы принциби – угармандарыбыз бир укканда эле илип алгыдай, жөнөкөй, жеткиликтүү сүйлөө эмеспи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG