Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

ШВЕЙЦАРИЯДА КМШнын 7 ӨЛКӨСҮНДӨГҮ ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ ЖОЮУ ТУУРАЛУУ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек 22-январда Швейцариянын Люцерна шаарында КМШнын 7 өлкөсүнүн проблемаларына арналган конференция өз ишин аяктады. Конференция «КМШнын 7 өлкөсү боюнча демилге» деген эл аралык финансы уюмдарынын программасынын алкагында өткөрүлдү. Кыргызстандан ага вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган делегация катышты.

20-22-январда Швейцариянын Люцерна шаарында өткөрүлгөн бул конференция - өткөн жылдын башында Лондондо башталып, күзүндө донорлордун катышуусу менен Бишкекте болуп өткөн жыйындын уландысы. Конференциянын максаты жөнүндө Жоомарт Оторбаев айтып берди:

- Мурдагы Советтер Союзунун 7 мамлекетинде кедейчиликтин деңгээли жогору. Алар – Борбордук Азиядан - Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Заказказьеден – Армения, Азербайжан, Грузия жана Молдова. Бул мамлекеттердин жалпы проблемалары бар. Люцернада алар жөнүндө Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду, Азия жана Европа банктары менен бирге талкуу өткөрүп жатабыз. Менин оюмча бул аябай маанилүү конференция. Анткени биз ал проблемалар менен чогуу күрөшсөк, биздин мүмкүнчүлүктөр көбөйөт.

Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Фонду баштаган эл аралык финансы уюмдары, КМШнын жогоруда аты аталган 7 өлкөсү базар экономикасын курууда өтө көп кыйынчылыктарды башынан кечирип жатат деп эсептешет. Бул өлкөлөрдүн эли жакырланып, алардын айрымдарынын тышкы карызынын көлөмү өсүп-өнүгүүгө мүмкүндүк бербей турган деңгээлге жетти. Мисалы, Дүйнөлүк Банктын эксперттеринин эсеби боюнча, 1999-жылы жалпы кирешеси 2,15 долларга жетпеген (бир күнгө эсептегенде) адамдардын саны Арменияда калктын 44%, Азербайжанстанда 24%, Грузияда 19%, Кыргызстанда 49%, Молдовада 55%, Тажикстанда 68%, Өзбекстанда 22% түзгөн. Ал эми тышкы карыз - аласасын кошуп таза чыгарганда - Азербайжан менен Өзбекстанда жок. Калган 5 өлкөдө абал начар. Алардын ичинен Кыргызстандын абалы өзгөчө оор. Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң продуктунун көлөмүнөн ашып кетти. Эл аралык финансы уюмдары бул өлкөлөр өз проблемаларын жалпы негиздеги программалардын алкагында чече алышпайт деп эсептешет. Ошондуктан алар бул өлкөлөр үчүн «КМШын 7 өлкөсү боюнча демилге» деген атайын программа иштеп чыккан. Программанын максаты – алардын тышкы карыздарын артка жылдыруу жана кечүү, аларга мындан ары жеңилдетилген гана кредиттерди берүү, ошого донорлорду үндөө. Бишкекте болуп өткөн донорлордун жыйынында донорлор Кыргызстанга алдыдагы 4 жылга 700 млн. доллар жардам берээрин айтышып, анын жарымынан көбүн грант түрүндө берүүгө убада кылышканы маалым. Париж клубу 2005- жылга чейин төлөй турган карыздардын бир бөлүгүн реструктуризациялап берди. Эл аралык Валюта Фондунун «Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» аттуу программасынын аткарылышына карап, анын айрымдары кечилиши да мумкүн деген маалыматтар айтылууда.

Люцернадагы конференция - «КМШнын 7 өлкөсү боюнча демилге» аттуу программанын алкагында өткөрүлүп жаткан жыйындарды жыйынтыктоочу жыйын. Ага өкмөт мүчөлөрү менен донорлордон тышкары бейөкмөт уюмдардын, жалпы эле коомчулуктун ар кандай катмарларынын өкүлдөрү да чакырылган. Бардыгы 200 жакын адам чогулуп, канткенде бул өлкөлөрдө түзүлгөн кырдаалды жеңилдетсе болот деген суроонун тегерегинде пикир алышышты. Жоомарт Оторбаевден алынган маалыматтарга караганда, жыйынга Кыргызстандан жазуучу Чыңгыз Айтматов да катышып, доклад жасады.

Жоомарт Оторбаевдин айтымында, жыйында Кыргызстандын делегациясы өлкөгө берилип жаткан жардамдын эффективдүүлүгүн арттыруу, мисалы, техникалык жардамга кыргыз адистерин катыштыруу өңдүү бир топ маселелерди көтөрдү.

22-январда конференция өз ишин аяктап, 23-январда делегация мүчөлөрү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG