Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

ФЕЛИКС КУЛОВДУН КАМАКТА ЖАТКАНЫНА 2 ЖЫЛ ТОЛДУ


22-январда Кыргызстандын мурдагы вице-президенти, «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун камакка алынганына эки жыл толду.

20-январь күнү Феликс Куловдун адвокаттары Бишкек шаардык сотунун 2002-жылдын 8-октябрындагы Ф. Куловго карата кабыл алган чечимин жокко чыгаруу арызы менен Жогорку Сотко кайрылышты. Ал эми 22-январда «Арнамыс» партиясынын башкармалыгы жана Феликс Куловду коргоо комитетинин мүчөлөрү жыйын өткөрүп, анда Куловдун камакка алынгандыгына эки жыл толгондугуна байланыштуу кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда алар «Кыргызстандагы соттор расмий бийликтин тилинен чыкпай, калыс чечим чыгара албастыгын мезгил далилдеди жана адам укугу менен эркиндиги чексиз басмырланууда» деп билдиришип, эл аралык уюмдарды Ф. Куловду бошотууга таасир көрсөтүүгө чакырышты.

Бирок талдоочулар Ф. Куловдун тагдыры боюнча эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине катуу талап койбой калгандыгын белгилешүүдө. Буга акыркы айкын мисал катары алар Америка Кошмо Штаттарынын сенаторлору Жон Маккейн менен Жозеф Либерман тарабынан сунушталып, 14-январда Сенаттын тышкы байланыштар комитетинде гана каралган резолюцияны айтышууда.

Резолюцияда «азыр куугунтукка алынып, чет жерде башпаанектеп жүргөн Казакстандын мурдагы премьер-министри Акежан Кажегелдиндин киндик кан тамган өз өлкөсүнө кайтып келишине жана мындан ары кысымга алынбашына Казакстан бийлиги шарт түзсүн» деп айтылган. Ошондой эле сенаторлор Түркмөнстандын мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадовдун сот ишин адилет кароону Түркмөнстан бийлигинен талап кылышкан.

Бирок ошол эле маалда АКШнын сенаторлору кыргыз оппозициясынын лидери Феликс Куловдун тагдыры тууралуу же 2002-жылдын март айындагы Аксы курмандыктары тууралуу резолюцияда бир ооз да сөз айтышкан эмес. Кыргызстандын бийлигинин адам укуктарын бузуудагы айрым кемчиликтери ооз учунан гана сынга алынып өтөт.

Америка сенаторлорунун мындай мамилесине карата «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев мындай пикирин ортого салды:

- Бул АКШнын жүргүзүп жаткан геосаясатына жараша болуп жатат. Президенттер алмашкан сайын Америка Кошмо Штаттарынын саясаты да өзгөрүүлөргө учурап келет. Жорж Буш бийликти алгандан бери демократияга карата мамиле сууп калгандай болду. Азыр Америкага Кыргызстандан авиабаза керек болуп жатат, ошондуктан алар биздеги адам укуктарынын бузулушуна көз жуумп коюуда.

«Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидери, белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеев да АКШ баштаган өлкөлөрдүн аскер базасынын Кыргызстанда жайгашканы адам укуктарынын тебеленүүсүн күчөттү деген ынанымда:

- Мен АКШ сенаторлорунун Борбор Азиядагы адам укуктарына арналган резолюциясы менен таанышып чыгып, Кыргызстан жөнүндө сөз болгон бөлүгүнө таңгалдым. Америка ушул күндө өзүнүн глобалдуу геосаясатынын кызыкчылыгын гана көздөп алып, бизге окшогон чакан мамлекеттердеги адам укуктарынын тебеленишине көз жумууда. Саясий себептер менен соттолуп, 2 жылдан бери түрмөдө жаткан оппозициянын көрүнүктүү лидерлеринин бири Феликс Куловдун укугу тууралуу бир ооз да сөз айтпаганы «Манас» аэропорту кимге кызмат кылууда деген суроого жооп болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Бектур Асанов АКШ кош кабат стандарттагы саясат жүргүзүп жатканын сынга алды:

- Борбор Азия президенттерине жакпай калышкан Акежан Кажагелдин жана Борис Шихмурадовдун айланасындагы маселелер дүйнөлүк масштабда көп эле көтөрүлүп келатат. Бирок ошол эле маалда Кыргызстандагы лидерлердин бири Феликс Кулов жөнүндөгү жана Аксы алааматы тууралуу маселелер соңку кезде унутта калууда. Мен муну АКШнын кош кабат стандарттагы саясаты катары баалайм.

«Асаба» партиясынын төрагасы, депутат Азимбек Бекназаров Кыргызстандын азыркы бийлиги АКШ баштаган геосаясий оюндардын кызыкчылыгын канаатандырат деген жүйөсүн айтты:

- Аскар Акаев башында турган бийлик Американын кызыкчылыктарын канааттандырат. Себеби, Акаевдин оппоненттери жана оппозиция антитеррордук күчтөрдүн «Манас» аэропортуна жайгашканына карата ар кандай сын-пикирлерин айтып келатышат. Анын жөнү бар – «Манас» аэропортун пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишим Американын жана анын өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын гана көздөп түзүлүп калган. Учактар учуп-конгону үчүн канча акча төлөөрү, Кыргызстан мындан кандай пайда көрөрү белгисиз, баары коррупцияланып калган. Мен Америка өз кызыкчылыгы үчүн Кыргызстанда болуп жаткан бардык мыйзамсыз көрүнүштөргө көз жума берет деген ойдомун.

Президенттик администрациянын коргоо жана коопсуздук иштери бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков Феликс Куловдун тагдыры сот бийлигинин гана колунда деп эсептейт:

- Куловдун ишин мен билбейм, себеби бул укук коргоо органдарынын иши. Ал эми алардын ишине Президенттик администрациянын жана өкмөттүн кийлигишпей калганына 5-6 жыл болду. Сот өзү чечсин.

Эмил Алиевдин маалыматына караганда, эгерде Жогорку Сот Куловго карата кабыл алган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырса, анда Куловдун адвокаттары Конституциялык Сотко кайрылышат.
XS
SM
MD
LG