Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

КУБАНЫЧБЕК ЖУМАЛИЕВ: «БАШКА ПРЕЗИДЕНТ МЫНДАЙ УЧУРДА БУЛ СУРООНУ КИРГИЗИШТЕН КОРКОТ ЭЛЕ»


Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы тууралуу вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев менен маек.

2-февралда боло турган референдум азыр Кыргызстандын коомдук турмушунда карама-каршы пикирлерди жараткан өтө олуттуу маселе болууда. Референдумга байланыштуу вице-премьер министр,транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев маек курат.

- Кубанычбек мырза, Кыргызстан эгемендик алган жылдардын ичинде Конституция ушуну менен төртүнчү ирет оңдолуп, бул жолу Конституциянын жаңы редакциясы референдумга коюлууда. Бирок, эл арасында аны колдоо менен катар эле карама-каршы пикирлер да арбын. Сиздин оюңузча Конституциянын жаңы редакциясы мамлекеттин келечегине даңгыр жол сала ала тургандай болуп даярдалдыбы?

- Конституциялык Кеңешме негизинен коомубузга Конституцияны кайсы багытта өзгөртүш керек, кайсы кошумчаларды кошуш керек деген багыттарды көрсөттү. Ошол Конституциялык Кеңешменин чечимдеринин негизги, принципиалдуу суроолору жаңы Конституциянын вариантына киргизилип, камтылды. Чындыгында, бул өзгөртүлгөн Конституцияда Конституциялык Кеңешменин чечиминдеги негизги идея - президентттин укук-милдеттерин бөлүү маселеси эле. Президент мамлекет башчысы катары, кыргызча айтканда, өз укук-милдетин жакшы эле бөлүштү. Биринчиден, Жогорку Кеңештин статусун абдан жакшы жогорулатты. Эми ал өкмөттүн структурасын жана өкмөттүн мүчөлөрүн толугу менен бекитет. Экинчиден, Жогорку Кеңешке көзөмөлдөө функциясын конституциялык түрдө берди. Мен муну чоң бийлик деп эсептейм. Ушундай чоң укук берилгенден кийин бул Конституцияда алардын жакшы иштөө принциби да каралган. Жакшы иштебей жаткан депутаттарды палатанын макулдугу менен депутаттык укуктан ажыратуу нормасы киргизилген. Андан тышкары, президент өзүнүн укугун өкмөт, премьер министр менен да бөлүштү. Премьер-министр өкмөттүн составын, губернатор, акимдердин кандидатурасын киргизгенге чоң мүмкүнчүлүк алат. Бул жобо премьер-министрдин статусун жогору көтөрүп, эки жакты карабастан иштегенге абдан жакшы мүмкүнчүлүк берет. Бул жагынан алганда Конституциялык Кеңешме өзүнүн максатына жетти. Дагы бир эң жакшы жагы - 2-главанын 16-беренесинде граждандардын укугун коргоо боюнча 22 пункттан турган жаңы жобо киргизилген. Демек, бул мындан аркы келечектин Конституциясы деп ойлойм. Ошондуктан 2-февралга коюлган референдумду туура түшүнүп, жакшылап колдосок, келечегибиз кең болот.

- Референдумдун экинчи суроосу-«Президент Аскар Акаев 2005-жылга чейин өз кызмат ордунда калсын» деген суроону элдин элегине алып чыгуунун кереги жок болчу деген ойлор да арбын айтылууда. Сиздин оюңуз боюнча мунун зарылдыгы бар беле?

- Психологиялык жактан алганда бул абдан чоң, оор суроо. Анткени, «Президент Акаев кызматтан кетсин» деген комитет түзүлгөн. Былтыр өлкөдө саясий курч абал көп түзүлдү. Башка президент болсо мындай учурда бул суроону киргизиштен коркоор эле. Бирок, биздин президентибиздин жалпы элден өзүнүн абалын сурайын дегени - эрдик кылганы. Президентибиздин бүгүнкү интеллектуалдык деңгээли, эл аралык авторитети мамлекетибиздин мындан ары өнүккөнүнө жакшы өбөлгө берет. Ошондуктан кылчактап артка кайрылбастан иштешибиз керек.

- Анткен менен Конституциянын жаңы редакциясы Конституциялык Кеңешмеде кабыл алынган долбоордон таптакыр башка деп кеңешмеге катышкан айрым саясатчылар нааразы болуп жатышпайбы. Буга эмне себеп деген ойдосуз?

- Булар атайылап өздөрү киргизген сунуштун негизинде жазылган Конституцияны да бурмалап атышат. Демек, аларга башка нерсе керек.

-Тагыраак айтсаңыз, аларга эмне керек деген ойдосуз?

- Алардын негизги эле максаты - президенттин укук-милдетин мындан ары да бөлүп, аны король катары карагысы келип жатат го деген ойго келип жатам. Андай президенттин бизге кереги жок. Эмне үчүн Жогорку Кеңештин эки палатасы калып атканына унчукпайбыз дагы, анан президенттин өз укук-милдетин бекитип бергиле деп, эл алдына койгон суроосун проблема кылышыбыз керек? Президент Конституциянын гаранты катары «бийликтин эки бутагы өз мөөнөтүн аяктаганча калат, мен аткартам» деп өзүнүн жардыгында көргөзүп атат. Ал эми өзүнүн укук-милдетин Жогорку Кеңеш, Өкмөт бекитпегенден кийин, элден сурап атпайбы… Ошондуктан бул суроо орундуу деп эсептейбиз. Ал эми кийинки мөөнөт боюнча эч кандай проблема жок.

- Демек, бир катар саясий партиялар менен коомдук уюмдар референдумду көзөмөлдөө боюнча республикалык штаб түзүшүнө жана добуш берүүнү көзөмөлгө алабыз дешкенине такыр негиз жок деген ойдосузбу?

- Биринчиден, демократиялык республика катары саясий партиялардын ушундай комитет түзүшкө акысы бар. Бирок, ал партиялар түшүндүрүү ишин гана жүргүзө алышат. Бирок, «добуш берүүгө барба» деп айтып, шайлоочулардын укугун кесүүгө алардын эч кандай укугу жок. «Барбагыла» деп үгүттөгөн болсо, анда укук коргоо органдары тарабынан жоопко тартылыш керек.

- Ал эми ушул оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын, саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын референдумга каршы пикирлери жалпы элдин добуш берүүсүнө тескери таасир тийгизиши мүмкүнбү?

- Алар өздөрүнүн электораты үчүн тескери таасирин тийгизиши мүмкүн, ал мыйзам ченемдүү нерсе. Негизинен кыргыз эли илгертеден бери акты ак деп, караны кара деп, чындыкты чын деп айткан эл. Ошондуктан эл өзү акыйкаттык менен добуш берип, чечим кабыл алат деген ойдомун.

- Кыргызстандагы «Адилет» саясий партиясынын тең төрагасы катары сиздин саясий партиялар боюнча да пикириңиз кызыктырат. Себеби, Конституциянын жаңы редакциясында саясий партиялар өз өкүлдөрүн парламентке бир мандаттуу шайлоо округдарынан гана көрсөтө алат деп киргизилбедиби. Бул Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна терс таасирин тийгизбейби?

- Чындыгында, чет мамлекеттердин практикасын карап көрө турган болсок, маселен АКШда 450 сенатор жалаң гана бир мандаттуу округдардан шайланып келишет экен. Францияда деле, Англияда деле ошондой экен. Саясий партия күчтүү болсо, элге жагымдуу программасын айткан болсо, сөзсүз түрдө ошол партия жеңип, ошол партиянын фракциясы күчтүү болот да, өзүнүн саясатын жүргүзө алат. Ошон үчүн бул жерде «партия уттурду» деп айтканга мен эч качан кошула албайм. Анткени партиянын иштөө системасын жакшы түшүнүшүбүз керек.

- Бирок, президент августтагы кайрылуусунда саясий партияларга парламенттен орун 30 процентке чейин берилиши мүмкүн деп билдирбеди беле. Анан мындай чечимге баруусуна эмне себеп болду деген ойдосуз?

- Биринчиден, президент ошол кездеги ою боюнча ушундай сунуш киргизген. Бирок, ошол Конституциялык Кеңешменин эле көп мүчөлөрү каршы чыгышып, «кичинекей элибизге 100 партиянын кереги жок, биз партиялык тизме менен шайлоого жетише элек экенбиз» дешкенинен жана элдин талкуусунда түшкөн сунуш-пикирлердин натыйжасында ушундай жыйынтыкка келди.

- Кубанычбек мырза, сиз былтыр бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды байкаткан Аксы окуясы болгон Аксы районунан эмессизби. Азыр деле Аксы элинин айрымдары бийликке нааразы пикирде. Ушул жагдай референдумда добуш берүүгө таасир бериши мүмкүнбү?

- «Аксы эли» деген түшүнүктү айтканда, биз өтө аяр болушубуз керек, өтө талдап айтышыбыз керек. Себеби, Аксы элинде 105 миң калк жашайт жана анын 65 миңден ашууну шайлоочулар. Ал эми Бекназаров башына мүшкүл иш түшкөндө өз жеринин уулу катары негизинен райондун Карасуу, Кызылтуу, Каражыгач айылдарынын жашоочулары колдошту. Бирок эл азыр анын проблемасынын чечилгенин көрүп атышат. Аксы эли азыр бул конституциялык өзгөртүүлөргө таптакыр башка көз караш менен карап, кадам шилтеши керек. Бекназаровдун проблемасы бир депутаттын укугун коргоого алган иш болгон болсо, азыр Конституциянын жаңы редакциясына добуш берүү деген олуттуу маселе болуп атат. Бул биздин келечегибизде бир эле Аксы району эмес, жалпы мамлекетибиздин жашоосунун мыйзам, жобосун бекитүү кадамы болуп аткандыктан, бул маселенибири бири менен чаташтырбай, жогорку жоопкерчилик менен карап, келечегибизди аныктаган кадам катары карап, бардыгы келип колдоп берсе туура болот. Аксы району өзү абалы боюнча тоо-таштын ортосунда, айдоо аянты абдан аз район. Ушундан улам таарынгандар жана каршы чыккандар сөзсүз болушу мүмкүн. Бирок, мен Аксы районунун эли аз добуш берет деген ойго мен макул эмесмин.
XS
SM
MD
LG