Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Давос форуму


Бүгүн Швецариянын Давос курортунда жыл сайын болчу Дүйнөлүк экономикалык форум өз ишин баштады.
Уюштуруучулардын маалымдашынча, алты күндүк жыйында саясатчылар менен ишкерлер калктын өкмөт менен бизнеске болгон ишенимин бекемдөө маселесин жана башка олуттуу проблемаларды талкуулашат.
Мартабалуу жыйынга Иорданиянын падышасы Абдулла, Малайзиянын премьер- министри Махатхир Мохаммад, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев жана башка 20-га жакын өлкөнүн лидерлери, “Майкрософт” корпорациясынын негиздөөчүсү Бил Гейтс, “Кокакола”, “Сони” жана башка таанымал эл аралык фирмалардын жетекчилери катышат. Давос форумуна Ирак оппозициясынын өкүлдөрү келет деген да маалымат бар.
Жыйында АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө.
Давос форумуна быйыл 2300дөй адам катышат. Былтыр кадыр-сыйлуу жыйынга 3200дөй мартабалуу конок чогулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG