Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Багдаддык студенттер аскерий инспекцияга нааразы


Багдаддын Ал-Мустансирия университетинин жүздөн ашык студенттери окуу жайдын химия жана биология факультеттеринин лабораторияларын БУУнун аскерий эксперттеринин текшерүүсүнө нааразылык билдиришти.
Кечээ күнү Ирак бийликтери эл аралык инспекциянын текшерүүсүнө кыжырданган тоок чарбасынын ээсин жана Багдаддын Ал-Нида мечитинин имамын кабарчылар менен жолуктурган.
Фермер менен имамдын эксперттерге болгон нааразылыгын, Президент Саддамдын илимий иштер боюнча кеңешчиси Амир ал-Саади, инспекторлордун жергиликтүү элдин маанайы менен эсептешкеси келбегенинин далили катары түшүндүргөн.
БУУнун Багдаддагы өкүлү тоок фермасы бир айда эки жолу текшерилгенинин ырастап, бирок, инспекторлор Ал-Нида мечитине, текшерүүүчү катары эмес, турист катары барышты деп билдирген.

XS
SM
MD
LG