Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

ЕККУ Кыргызстандагы конституциялык реформага байкоо жүргүзөт


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) туруктуу кеңешинин төрагасы, Голландиянын элчиси де Виссер Кеңештин 23-январда Венада өткөн кезектеги отурумунда «конституциялык реформа өңдүү чоң жараян кыйынчылыксыз жана катасыз өтпөйт», деп билдирди. Ал сөзүндө Кыргызстанды ачык-айкын маалыматы, демократиялык өнүгүүгө берилгендиги үчүн баалады жана ЕККУ конституциялык реформанын жүрүшүнө кунт коюу менен байкоо жүргүзөөрүн белгиледи.
Мындай билдирүү, 2-февралда өтө турган референдумга байланыштуу Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов тараткан маалымат талкууланган учурда айтылды. 55 мүчө-өлкөнүн жана өнөктөш Жапония мамлекетинин өкүлдөрү катышкан бул жыйында Кыргызстандагы конституциялык реформага Азербайжан, Орусия, Беларус, Армения, Казакстан өлкөлөрүнүн делегаттары колдоо көрсөтүштү. АКШнын элчисинин орун басары Д.Дуглас президент Аскар Акаев баштаган реформаны колдоорун, ошондой эле референдумдун мөөнөтү, Конституциянын айрым жоболору боюнча каалоо-тилектерин билдирди. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Венадагы элчилик билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG