Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:33

Өзбекстан Ислам Кыймылына катышы бар адам 3-февралда Баткен райондук сотунда соттолмок болду


БАТКЕН. Өзбекстан Ислам Кыймылына катышы бар деген шек менен кармалган Шерали Акботоевге каршы сот жараяны үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Баткен областынын Баткен райондук сотунда каралат. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына аталган райондук соттун төрагасы Памирдин Жумагулов маалымдады. Анын айтымында, Шерали Акботоевге Кылмыш Кодексинин 226, 227, 229, 231, 339-беренелеринин негизинде «террористтерге көмөктөшкөн, мыйзамсыз түрдө адамдарды барымтага алган, мыйзамсыз куралдуу топторду уюштурган» деген айыптар тагылууда.
Шерали Акботоев 1999-жылдын август айында Кыргызстандын түштүгүнө басып кирген эл аралык террористтерге кошулуп, Тажикстан аркылуу Ооганстанга өтүп кеткен. Аны 2002-жылдын май айында Ооганстандын тартип коргоо кызматкерлери Кыргызстанга өткөрүп беришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG