БИШКЕК. Элдик референдумдун өткөрүлүшүн көзөмөлдөө үчүн уюшулган коомдук штабдын Интернеттеги өздүк баракчасы жабылды. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына штабдын төрагасынын орун басары Жыпар Жекшеев кабарлады. Анын айтымында, буга чейин аталган интернет-баракчада элдик референдумдун өткөрүлүшүнө каршы билдирүүлөр, кайрылуулар, референдумдун мыйзамсыздыгы тууралуу макалалар, маектер жарыялангандыгы баракчанын жабылышына башкы себеп болгон. Ал эми баракчанын эмне себептен жабылгандыгы тууралуу коомчулукка телефон, Интернет байланыш кызматын көрсөтүүчү «Элкат» компаниясы штаб өкүлдөрүнө маалымат берүүдөн баш тарткан.
Курамына он эки саясий партиянын, бир нече бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген бул коомдук штаб үстүбүздөгү жылдын 17-январында элдик референдумга каршы түзүлгөн.
Курамына он эки саясий партиянын, бир нече бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген бул коомдук штаб үстүбүздөгү жылдын 17-январында элдик референдумга каршы түзүлгөн.