Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Германия жана Россия Ирак проблемасынын саясий жолдор менен чечилишин жакташат


Муну бүгүн немец канцлери Герхард Шрөдөр менен орус президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда ырасташты. Тараптар ошондой эле Иракта эл аралык инспекциянын ишин улантуу зарылдыгын белгилешти. Иракка каршы аскери операция өткөрүүгө макул эместегин кечээ Франция да ырастаган эле. Алдыдагы дүйшөмбүдө ООНдун атайын комиссиясынын башчысы Ханс Бликс менен МАГАТЭнин башчысы Мохаммад аль-Барадей инспекциянын жыйынтыгы жөнүндө коопсуздук кеңешинде отчет берүүгө тийиш.
НАТОнун куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы бүгүн Түркияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп,Иракка байланышкан маселелердин аскерий айрым өңүттөрүн талкуулады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG