Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

ИРАК: КОҢШУЛАРДЫН КООПТОНУУСУ


Бейшемби күнү Стамбулда жакынкы чыгыштагы алты өлкөнүн – Иордания, Иран, Сауд Аравиясы, Египет жана Сирия тышкы иштер министрлери атайын жыйынга чогулуп, Иракка байланыштуу жагдайды талкуулашты. Министрлер биргелешкен билдирүү кабыл алып, Багдадды Бириккен Улуттар Уюмунун бардык талаптарын аткарууга чакырышты.

Стамбулдагы жыйынга Түркиянын өкмөтү демилгечи болду. Коңшусуна каршы кокус согуш ачылса, Анкара анын капшабына калгандан коркот. Иракка киргизилген санкциялардын айынан ансыз деле Түркия акыркы он жылда миллиарддаган суммада зыян тартканын айтып жүрүп ак мокоду. Ушул мүдөөдөн улам өткөн апталарда түрк өкмөт башчысы Абдулла Гул коңшуларын кыдырып, андан ары Египетке чейин барып, алардын көңүл-көкөйүндөгү ойлорун угуп кайткан эле. Конференциянын планы ошол сапар маалында талкууланган. Айтымда, алты өлкөнүн тышкы саясий мекеме башчыларын Стамбулга чогултуу Анкарга оңойго турган жок. Айрым өлкөлөр жыйындын корутунду декларациясында Кошмо Штаттарынын агрессивдүү пландарын сынга алган апаздар айтылышын талап кылышты, Сирияга болсо бул иште Түркиянын башкы демилгечи болуп жатканы жаккан жок. Келерки кездешүүнү Дамаскда өткөрүү шарты менен гана Сирия жыйынга министрин жөнөткөн эле.

Стамбулда министрлердин талаш-таңашы түн бир оокумда барып аяктады. Акырында биргелешкен билдирүүгө кол коюшуп, Иракты ООНдун инспекторлору менен ийиндешип иштегенге чакырышты. Региондогу өлкөлөр дагы бир согуштун азап-тозогун тарткысы келбейт, деп айтылат документте. Ошондуктан министрлер бүткүл аймактагы баракатчылыктын жоопкерчилигин Багдад моюнга алып, эл аралык коомчулуктун талаптарын толук аткарууга, коңшулаш өлкөлөрдүн ишеничине арзыган саясат жүргүзүүгө тийиш деп билдиришти. Ошону менен бирге жыйында министрлер Ирактын бөлчөктөлүп-бөлүнүшүнө да каршы экендигин ырасташты.

Жыйындын алдында айрым бир байкоочулар Ирак президенти Саддамды башкалкалатканы башка бир өлкөгө өткөрүп жиберүү мүмкүндүгү да талкууланат деп жоромолдошкон эле. Бул идеяны андан бир күн мурда эле Пентагондун башчысы Дональд Рамсфельд колдоп, кокус Саддам буга макул болсо анын коопсуздугун кепилдегенге, атүгүл эрте-кийин болчу сот жоопкерчилигинен да куткарып калганга көмөктөшөрүн ырастаган. Бирок Сауд Аравиясы, Египет жана Иордания мындай божомолдордун баарын четке кагышты. Саддамдын сүргүнү жөнүндөгү маселени Стамбул жыйынында талкуулаштын өзү, алардын пикири боюнча, дипломатиялык адепсиздик болмок. Корутунду документте да бул тууралуу, асыресе, эчтеме айтылган жок. Аталган маселеге кайрылып, Багдад өкмөтүнүн найып премьер-министри Тарик Азиз америкалык Эй-би-си телеканалындагы интервьюсунда ирак эли буга эгерим макул болбой тургандыгын эскертти.

Жыйындын жалпы жыйынтыгын чыгарып, айрым байкоочулар министрлер Стамбулда согушту ооздуктап калганы же болбосо анын жаңы бир жолун тапканы чогулган жок дешет. Министрлер болгону проблеманы жайчылык менен чечүүнүн бардык мүмкүнчүлүгү түгөнгөндүгүнө ишаара кылышты.

Министрлердин жыйыны менен бирге Стамбулда массалык демонстрациялар болуп өттү. Манифесттантардын айрым бөлүктөрү атайын уюштурулган “тынчтык поезди” менен Анкарадан Адандагы аскер базасына жөнөштү.

XS
SM
MD
LG