Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

ЧЕХИЯ ПРЕЗИДЕНТИ ГАВЕЛДИН ОРДУН БАСА АЛА ТУРГАН САЯСАТЧЫ ЖОК


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы он күндүн ичинде Чех парламентинде эки жолу президенттик шайлоо болуп өттү, бирок азыркы президент Вацлав Гавелге татыктуу мураскор табуу өтө татаал маселеге айланды.

Чехия президенти парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында шайланат, бирок кээ бир эксперттер президентти эл тарабынан түз шайлоо системасына өтүш керек деген пикир да айтууда. Дүйнөгө белгилүү демократ, коммунисттик бийлик учурунда диссидент болгон Вацлав Гавелдин президенттик мөөнөтү 2-февралда аяктайт, жана чех эли анын ордун баса ала турган адам таба албай бушайман болууда. Гавелдей президент табыш өтө кыйын экендиги жөнүндө президенттикке талапкер Ярослава Мозерова да шайлоо алдында айтты:

- Вацлав Гавелдин мураскору жок, өзгөчө чет өлкөлүктөр үчүн Чехия атынан өкүл боло ала турган андай адам табуу кыйын.

Вацлав Гавел - 1963-жылы коммунисттик системаны мыскылдаган пьеса жазып чыкканда кеңири коомчулукка белгилүү болгон. 1968-жылдагы окуяларга дагы катышкандан соң, ал кызматынан бошотулуп, кара жумуш кылып калган. 1977-жылы болсо, "Хартия-77" аттуу диссиденттик топту түзүүчүлөрдүн арасына киргенден кийин, Гавел үч жолу эркинен ажыратылууга кесилген. Сексенинчи жылдардын аягында чыгыш европалык жумурияттарда болуп өткөн баркыт революцияларынан кийин, 1989-жылдын 29-декабрында Гавел Чехословакиянын президенти болуп шайланган. Бирок өлкө эки башка жумуриятка бөлүнөөр алдында, ага каршы чыгып, 1992-жылдын 3-июлунда ал өз ыктыяры менен президенттик кызматтан кеткен. 1993-жылдан тартып Чехия өз алдынча мамлекет болуп калды. Гавел өлкөнүн президенти болуп ошол эле жылы биринчи жолу жана 1998-жылы экинчи жолу беш жылга шайланган.

15-январда өткөрүлгөн биринчи президенттик шайлоонун экинчи жана үчүнчү айлампасына мурдагы премьер-министр Вацлав Клаус менен Сенаттын спикери Петр Питхарт чыккан, бирок алардын эч кимиси жетиштүү добушка ээ боло алган эмес. Экинчи шайлоого, бирок, үч гана талапкер көрсөтүлдү. Биринчи шайлоодо эң көп добуш чогулткан Вацлав Клаустан тышкары, президенттикке - Клаустан кийин премьер-министр болгон Милош Земан жана сенатор айым Ярослава Мозерова ат салышты.

Земан мурда Социал-демократиялык партиянын төрагасы болчу. Былтыркы парламенттик шайлоодон кийин ал премьер-министирликтен кетүүгө аргасыз болгон жана анын ордун Владимир Шпидла баскан. Бирок өкмөттү көзөмөлдөгөн социал-демократтар президенттик орунду да алууга жараксыз болуп чыкты. Алардын атынан биринчи президенттик шайлоого талапкер болуп көрсөтүлгөн Ярослав Бурести социал-демократтар өздөрү колдогон жок, жана эксперттер аны - Шпидла менен Земандын ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөн көрүүдө. 24-январда болсо Земан өзү биринчи эле айлампада шайлоодон ыргып кетти.

Анткен менен, шайлоонун экинчи айлампасында Вацлав Клаус да, Ярослава Мозерова дагы президент болууга жетиштүү добуш чогулта алган жок, жана ошол эле күнү өткөрүлгөн үчүнчү айлампада да жыйынтык чыккан жок. Эми парламент үчүнчү шайлоо дайындоого тийиш, анда да жыйынтык чыкпаса, бир топ эксперттер айткандай, бүткүл элдик шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн. Ан үчүн болсо, өлкөнүн конституциясына өзгөртүү киргизилүүгө тийиш, бирок андай иш-жараян бир нече айга созулушу мүмкүн.

Чехия коммунисттик тартиптен арылгандан кийин, өлкөнүн алгачкы эки премьер-министри болгон Клаус менен Земан президенттик шайлоодо депутаттардын колдоосуна ээ боло албай калганы, бир чети, чындап эле президент Гавелге татыктуу мураскор табылбай жатканын көрсөтөт, экинчи жагынан, өкмөттүн ишинде акыркы жылдарда бир топ мүчүлүштүктөр болгону да шайлоо жыйынтыгына таасир кылган сыяктуу.

XS
SM
MD
LG