Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:17

РЕФЕРЕНДУМ АЛДЫНДАГЫ КАЙРЫЛУУЛАР МЕНЕН ҮГҮТ ИШТЕРИНИН ШАЙЛООЧУГА ТААСИРИ КАНДАЙ?


Кыргызстанда 2-февралда боло турган жалпы элдик референдумга карата уюштуруу иштери, анын ичинде жалпы кыргыз элине багытталган кайрылуулар күч алды. Мамлекеттик бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындай иш-аракеттердин катардагы шайлоочуга тийгизген таасири кандай?

Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча саясий партиялар жана коомдук уюмдар түзгөн республикалык коомдук комитеттин төрагасы, мыйзамчы депутат Өмүрбек Текебаевдин пикири боюнча референдум, шайлоо өткөрүү алдындагы үгүт–насыят иштери менен Борбордук шайлоо комиссиясы гана алектенүүгө милдеттүү. Анын пикиринде, 2-февралдагы референдумдун алдында мамлекеттик бийлик орган өкүлдөрүнүн жер-жерлерде түшүндүрүп, үгүттөө иштерин жүргүзүшү - мыйзамга каршы аракет. Ушундан улам Мыйзам чыгаруу жыйыны 24-январда өкмөттүк саат өткөрүп, өз шайлоо округдарын кыдырып келген депутаттардын суроо-талаптарына өкмөт мүчөлөрүнүн өз оозунан маалымат алуу чечими ишке ашкан жок.
Депутат Өмүрбек Текебаев:

- Кыргызстанда гана эмес, жалпы бүт дүйнөдө кабыл алынган принциптерге ылайык шайлоону, ар кандай референдумдарда добуш берүүнү атайын түзүлгөн көз каранды эмес орган өткөрүшү керек. Кыргызстанда мындай орган - референдумдарды жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук комиссия. Бирок, акыркы референдумду өткөрүүдө Борбордук шайлоо комиссиясы эле эмес, бүтүндөй аткаруу бийлиги аралашып кетти. Бул демократиялык жана адилеттүүлүк принцибин бузуп, референдумда коюлган маселелерге каршы же аны колдоп үгүттөө жүргүзгөн жарандардын укугун бирдей кылбай, мамлекет өз укугун үстөмдүк менен пайдаланып жатат. Мына бүгүн биздин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отуруму болбой калды. Анткени, мурда белгиленген өкмөттүк саатка өкмөт мүчөлөрүн чакыра албадык. Өкмөт мүчөлөрү, алардын орун басарлары жана бардык жооптуу кызматкерлер өзүлөрү туулуп-өскөн жерлерге, айылдарга, шаарларга командировкага жөнөтүлүп, референдумга жөн эле даярдык көрүүгө эмес, референдумда колдогон добуш берүүгө үгүттөп жүрүшөт. Бул мыйзамга туура келбеген көрүнүш.

Текебаевдин оюнча, шайлоочунун жеке көз карашына референдумду колдоого чакырган кайрылуулардын массалык маалымат каражаттарына байма-бай чыгып, референдумду жактаган бийлик өкүлдөрүнүн жер аралап жүрүшү сөзсүз таасир берет:

- Президенттин сунушунун оппоненттери бир дагы массалык маалымат каражаттарына чыкпай, маалымат жагынан блокада болуп, элге маалымат боюнча катуу басым жасалып жатат. Албетте, мындай цензура жана монополиялык таасир көрсөтүү бир топ шайлоочулардын пикирин өзгөртүп коюшу мүмкүн. Анткени, алар чындыктын кандай экендигин билбей баштары айланып калышы мүмкүн.

Ал эми соңку кайрылуу ээлеринин бири, бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын ою төмөнкүдөй:

- Биринчиден, элдин кайрылуулары алардын өз пикирин айтып жатканын билдирет. Оппозиция өзүнүн кайрылуусун берип жатат. Алардын пикири менен макул болбогондор өз оюн билдирип жатышат. Бул жарандык коомго мүнөздүү, ар түрдүү ой-пикирди билдирүү көрүнүшү. Мунун эч кандай терс жагы жок. Биз дагы кечээ өз билдирүүбүздү жарыяладык. Биз дагы туура эмес айтылып жаткан пикирлерге карата жооп беришибиз керек. Мисалы, оппозициянын билдирүүсүнүн бир топ пункттары боюнча мен да макул эмесмин.

«Конституциянын жаңы редакциясы Кыргызстандагы саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды тереңдетүүгө башкы түрткү болот» деп кайрылуу тараткан Улуттук илимдер академиясынын 33 академигинин бири, Улуттук аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Үсөн Асанов илимпоздор кайрылууну эч кимдин көрсөтмөсү жок эле өз каалоосу менен кабыл алгандыгын билдирди:

- Себеби, көтөрүлүп жаткан маселе өтө маанилүү болуп жатпайбы… Биз мындай окуяларды башыбыздан көп өткөрүп, ага көбүрөөк ооруй турган адамдарбыз да. Ошондуктан, ой-пикирибизди айтпай кое албайбыз. Кайрылуу биздин чын жүрөгүбүздөн чыккан маселелердин бири. Бул жөнүндө башкача эч кандай ой болбош керек.

Жаңжалдар боюнча эл арасында иликтөөлөрдү жүргүзүү менен алектенген «Эл аралык сабырдуулук үчүн» коомдук фондунун президенти Рая Кадырова кайрылуулар менен үгүттөөлөр шайлоочулардын чечимине көп деле таасир бербейт, анткени алар референдумдун маңызын толук түшүнгөн жок, ошон үчүн бийлик өкүлдөрү алды менен анын мазмунун түшүндүрсө болот эле деген ойдо:

- Менин оюмча референдум эрте болуп атат. Анткени, биздин эл ал документ менен тааныша элек. Элди «референдумга баргыла, катышкыла» дегендин ордуна жолугушууларда аларды Конституциянын мазмуну менен жакшылап тааныштырышса жакшы болот эле.

Ал эми «Азаттык» радиосунун кабарчысы «Референдумду колдоого чакырган кайрылуулар менен үгүттөөлөр сизге таасир береби?» деген суроо менен кайрылганда катардагы жарандардын жоптору төмөнкүчө болду:

- Ар бир киши өзү чечиш керек. Кайрылуу ар кандай боло берет да.

- Мен өзүм 45 жаштамын. Бишкектин бир жеринде соода кылып отурам. Мен ага көңүл бурган да жокмун, чакырыгына кошулгум да келген жок. «Референдумду колдогула» дегени тескерисинче менин ачуумду келтирип жатат. Анткени, бул ачыктан-ачык эле зордукчулдун иши болуп атпайбы…

Референдумдун датасы жарыялангандан ушул күнгө чейин, катардагы жарандардын кайрылуусунан тышкары, саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын “референдум мыйзамсыз” деген маанидеги үч кайрылуусу жана тескерисинче, бул иш-чараны колдоого чакырган 17 кайрылуу жарыяланды.
XS
SM
MD
LG