Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:56

КЫРГЫЗ ПАРЛАМЕНТИ МАМЛЕКЕТТИК КАЗЫНАДАГЫ ЭҢ «СОРГОК» ТАРМАК КАТАРЫ СҮРӨТТӨЛҮҮДӨ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Референдум алдында парламенттин каржыланышы тууралуу өйдө-төмөн кептер күч алды. Депутаттар мындай сынга макул эмес.

Референдум алдында кош палаталуу парламенттин тегерегинде сѳз көбөйдү. Массалык маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин буга чейинки ишмердүүлүгүнө баа берип эле тим болбостон, депутаттардын айлыгына, минген машинесине дейре талкуулап жиберишти. Айрыкча кош палаталуу парламентти кармаш үчүн мамлекеттик казынадан кеткен каражаттын тегерегинде талкуу күчөп жатат. Атап айтканда, Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүк басма сөз беттеринде мамлекеттик бюджеттеги эң соргок тармак катары сүрөттөлүүдө. Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, Мыйзам чыгаруу жыйынына акыркы үч жылда 300 миллион сом жумшалган. «Слово Кыргызстана» гезитинин 16-январдагы санында «Депутаттык - популярдуу кесип» деп макала жазган Э. Тереков аттуу автор «президенттик администрация да, өкмөттүк аппарат да мынчалык акча сарптабайт», деп жазат. Анын пикиринде, депутаттарды айланчыктап жүргөн жардамчы, референт, консультант делген жан-жөкөрлөрүнүн эле айлыгына жылына 7 миллион сомго чукул акча жумшалат. Акыркы күндөрү күч алган мындай маанайдагы макалаларды Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Курманбек Шарипов атайын уюштурулуп жаткан акция катары баалайт:

- Мен басма сөз беттеринен акыркы күндөрү парламентке мамлекет көп чыгым болуп жатат деген макалаларды көп окуп жатам. Менимче бул референдум алдында элге депутаттарды жаман көрсөтүш үчүн атайын уюштурулуп жаткан акция. Депутаттардын чыгымы аткаруу бийлигине салыштырмалуу абдан эле аз. Мисалы, Эсеп палатасына бизге караганда өтө эле чоң каражат кетет. Эгер ошондой эле мамлекеттик казынанын каражатын үнөмдөйлү, элдин турмушун оңдойлу десек андай булактар толуп атат. Министрлердин баары тең баасы 30 миң доллардан жогору турган машинелерди минишет. Мындай машиналар өкмөттүк аппаратта да, президенттик администрацияда да бар. Мисалы, менин машинам 31-10 «Волга», төрт жарым миң долларга алынган. 9 миң сомго чукул айлык алам. Ошонун 3-4 миң сому сөзсүз жардам сурап келген шайлоочуларыма кетет.

Президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү, юрист Чолпонкул Арабаевдин пикиринде референдумдан кийин депутаттардын саны азайса мамлекеттик казынадан парламентке сарпталчу акча үнөмдөлөт:

- Башмыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда элдин арасынан түшкөн пикирлерди жана Конституциялык Кеңешменин чечимин эске алуу менен Эксперттик топ 75 депутатка токтолду. Демек, мамлекеттик каржылоо да азаят. Эгер парламент күчтүү болсо, дүйнөлүк тажрыйбада акчаны жана техникалык жабдуу жагын аябаш керек. Элден түшкөн сунуштарды карап көрсөк, биз чакан өлкө болгондон кийин депутаттардын саны 50нүн эле тегерегинде болсо деген пикирлер көп болуп жатат. Конституциялык Кеңешме 90 депутат болсо деген оюн ортого салды. Элдин пикирин жана Конституциялык Кеңешменин сунушун эске алып, Эксперттик топ 75 депутат болсун деп чечим чыгарды. Демек, 105 депутатка караганда 75 депутатты каржылоодо мамлекеттик казынага бир кыйла жеңилдик болот.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Темирбек Сариев сындын да чеги болуш керек деп эсептейт. Анын оюнда, депутаттардын саны менен айлыгын эсептегенден көрө сапаттык деңгээлин көтөрүү жаатына көңүл бурулганы оң:

- Ар бир сындын чеги болуш керек. Парламент бюджеттин акчасын соруп атат деген пикирлерге каршымын. Азыркы 105 депутаттан турган кош палата деле чакан парламент. Бюджетте каралган өлчөмдө мыйзам чегинде каржыланууда. Парламетти талкуулаганда көбүнчө депутаттардын санына, каржыланышына көп көңүл бурулганы туура эмес.
XS
SM
MD
LG