Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Бишкекте телефон террору кайталанды


24-январда күндүзгү саат 14.00дө Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан №70 мектеп-гимназиясына телефон террору жасалды. Бул тууралуу ишембиде ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов кабарлады. Анын айтымында, мындай кабардан кийин дароо атайын кызматтар мектеп имаратын дыкат текшерип, мектеп имаратында жардыруучу зат жок экендигин аныктап чыгышты. Жалган маалымат билдирген адамга ички иштер жана коопсуздук кызматы издөө салууда. Ушул жылдын 7-январында Бишкектин борборундагы Мамлекеттик архивдин имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат да кабарланган. Өткөн жылдын акыркы айларында 6 мектепке бомба коюлду деген жалган маалыматтар телефон аркылуу кабарланган.

XS
SM
MD
LG