Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

Бейөкмөт уюмдар референдумга байкоочуларды даярдашууда


Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын ассоциациясы референдум өтө турган 2086 шайлоо участогунун ар бирине экиден байкоочу коет. Азыр ассоциация рефрендумга байкоочуларды даярдоо иштерин жүргүзүүдө. Ушул күнгө чейин Жалалабат облусунда 751, Ош облусунда 300 байкоочу даярдалды. Бул тууралуу ишембиде ассоциациянын төрайымы Токтайым Үмөталиева кабарлады. Анын билдиришинче, азыр ассоциациянын тутумунда 428 бейөкмөт уюм бар. Референдумга байкоо жүргүзүү үчүн өз байкоочуларын «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» да даярдоодо. Анын президенти Эдил Байсаловдун билдиришинче, коалиция жер-жерлерде 3500 байкоочу даярдаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG