Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Аскар Акаев оппозиция өкүлдөрүнүн атайын штаб түзүп, 2-февралдагы элдик референдумга каршы иштеп жаткандыгын «ач кыйкырык, куу сүрөөн», деп баалады


«Оппозиция өкүлдөрү атайын штаб түзүп, 2-февралдагы элдик рефередумга каршы иштеп жаткандыгын ач кыйкырык, куу сүрөөн деп баалайм»- деп билдирди президент Аскар Акаев жума күнкү «Агым» газетасына берген маегинде. Президент Конституциянын жаңы редакциясы боюнча саясий партиялардын парламенттик шайлоого тике катыштырылбагандыгынын себебин буга чейин партиялык тизме менен шайланган депутаттардын шайлоочулар менен байланышпай калгандыгы менен түшүндүрдү. Акаев Конституциянын жаңы долбооруна болочок парламенттин ички тартибин көзөмөлдөгөн жобонун киргизилишин депутаттардын мамлекеттин эсебинен тез-тез чет өлкөлөргө иш сапары менен барып туруусун азайтуу, себепсиз жыйындарга катышпай коюусун тыйуу максатында жасалганын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG