Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Бишкекте 3-элдик курултайдын биринчи жыйыны өттү


25-январда Бишкектеги Темиркул Үмөталиев жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн короосунда 3-элдик курултайдын 1-жыйыны өттү. Ага «Арнамыс», «Атамекен», «Эрк», «Эркиндик», «Асаба», «Республика», «Жаңы Кыргызстан», «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партияларынын, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөттүк уюмдар бирикмесинин өкүлдөрү жана республиканын айрым аймактарынан келген баш аягы сексенге жакын адам катышты. Курултайдын катышуучулары Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алдыруу менен өзүнүн жеке бийлигин чыңдоону көздөп жаткандыгын, баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумда кабыл алынса, өлкөдөгү адам укугунун басмырланышына өбөлгө түзөрүн айтышты. Жыйын соңунда кыргыз коомчулугун Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору боюнча референдумга сунушталган маселерди колдобоо, референдум өткөрүлгөн күнү республиканын жер-жерлериндеги шайлоо участокторуна байкоочуларды жиберүү тууралуу чечим кабыл алынды. Үчүнчү курултайдын экинчи отуруму 2003-жылдын 17-мартында өткөрүлмөй болду.

XS
SM
MD
LG