Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

ЕККУнун Демократия институту менен адам укугун коргоо бюросу, АКШнын демократиялык институту референдумдун чукул өтүшүнө тынчсыздануусун билдиришти


Европадагы коопсуздук, кызматташуу уюмунун демократиялык институту жана адам укугун коргоо бюросу, о.э. АКШ Демократия институту Кыргызстандагы референдумдун чукул өтүшүнө тынчсыздануусун билдиришип, референдумду кийинки мөөнөткө жылдырууну сунушташты. «Бул эл аралык байкоочуларды даярдоого да шарт түзөт», деп айтылат жума күнү таратылган ЕККУ бюросунун билдирүүсүндө. Кыска мөөнөттө референдумга байкоочуларды даярдоо мүмкүн болбогондуктан, ЕККУ Борборшайлоокомдун өтүнүчүн четке каккан. Маалыматка караганда, кыргыз бийлиги Европа Комиссиясынын сунуштарынын бирин да эске алган эмес жана Конституцияга акыркы түзөтүүнү референдумга 13 күн калганда жасаган.
Ал эми АКШ демократиялык институтунун билдирүүсүндө: «Эксперттик топту капыстан дайындоо, президенттин укуктарын кеңейткен жаңы түзөтүүлөрдү коомчулук менен алдын-ала кеңешпей туруп киргизүү, ошондой эле рефрендумду үч жума калганда жарыялоо Кыргыз мамлекетинин демократиялык өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат», деп айтылат. Институттун билдиришинче, Кыргызстанда демократия калктын кеңири чөйрөсүн катыштырып, кеңири мүмкүнчүлүк берген ачык реформалоо жараяны аркылуу гана өркүндөй алат.

XS
SM
MD
LG