Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

ИРАК МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА АЛМАНИЯНЫН ТУРУМУ


Нарын АЙЫП, Прага Иракка каршы АКШ даярдап жаткан согушка Алмания катышпайт деп немис канцлери Герхард Шрөдер акыркы күндөрдө бир нече жолу айтты, бирок кээ бир эксперттердин пикиринде, Шрөдердин катуу сөздөрү, көбүнчө, Алманиянын өзүндөгү ички жагдайлар менен байланыштуу.

Немис эксперттеринин айтымында, сентябр айында Алманияда өткөн парламенттик шайлоону Герхард Шрөдердин Социал-демократиялык партиясы - Ирак маселесин күч менен чечүүгө каршы чыкканы менен утуп алган. Алманияда өткөрүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, немис калкынын 70 пайызы Иракка согуш баштоого каршы, алардын пикири боюнча, Ирак маселесин Америка Кошмо Штаттары мунай менен байланыштуу гана курчутууда. Үстүбүздөгү аптаданын башында Алманиянын Гессен жеринде өткөн митинг учурунда анын уюштуруучулары бир нече сааатын ичинде эле Ирак согушуна каршы 40 миңге жакын кол чогултууга үлгүрүштү.

Алмания менен Франция ортосунда 1963-жылы кол коюлган достук келишиминин кырк жылдык мааракесин эки өлкө жетекчилери жакында салтанаттуу белгилегенде дагы, канцлер Шрөдер АКШнын Ирак саясатына бир топ көлөкө түшүрдү. Эгер мурда Шрөдер Алмания Иракка өз аскерлерин жибербейт деп келген болсо, эми - эгер Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иракка каршы күч колдонуш керек деп чечсе, Алмания андай резолюцияны колдобойт деп чыкты. Ошол эле учурда, АКШ саясатын мурда бир топ сынга алып келген Франция президенти Жак Ширак Парижде дагы, Берлинде да анчалык катуу эч нерсе айткан жок.

Немис эксперттеринин пикиринде, канцлердин мынчалык катуу туруму - Алманиянын өзүндөгү ички саясий жагдай менен байланыштуу. 2-февралда өлкөнүн Гессен жана Ылдыйкы Саксония жерлеринде шайлоо болууга тийиш, жана Шрөдер - ал шайлоодо Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү жеңип чыгышына өтө кызыкдар. Эгер бул эки жерде тең оппозициядагы христиан-демократтар утуп чыкса, алар парламенттин өйдөкү палатасы, Бундесраттагы көпчүлүккө жетиши мүмкүн, жана Шрөдердин партиясы парламент аркылуу өз чечимдерин өткөрүү жараянында бир топ кыйынчылыктарга кептелет.

Шрөдердин пикири боюнча, эл аралык текшерүүчүлөр Иракта кеңири кыргын салуучу курал таппаган соң, ага каршы күч колдонуу чечимин кабыл алуу - опурталдуу нерсе, жана андай согушту легалдаштырууга Алмания макул болбойт. Бирок анын саясий каршылаштаранын айтымында, инспекторлор отчет бере электе, Иракка каршы күч колдонуу чечимине Алмания каршы добуш берет деп чыгуу да туура эмес. Андан тышкары, өз жарыялары менен канцлер АКШ менен Алмания ортосундагы мамилелерге да зыян тийгизүүдө.

Христиан-демократиялык партиянын төрайымы Ангела Меркелдин айтымында, андан Алманиянын улуттук кызыкчылыктарына да залака тийиши ыктымал:

- Бул маселе боюнча өз алдынча саясат жүргүзүү Алманиянын кызыкчылыгында эмес. Инспекторлордун отчету кандай болоорун биле электе мындай көз караш айтып чыгуу - ката. Алмания бул маселе боюнча чечим кабыл алып койгон болсо, анда инспекторлордун иши эч нерсеге татыбай калып жатпайбы.

Анткен менен, кээ бир экперттердин айтымында, акыркы талаш-тартыштарга карабастан, Алмания менен АКШ ортосундагы кызматташууга орчундуу деле доо кетпейт, жана шайлоо аяктагандан кийин, баары калыбына келет. Азыр Алманияда 95 америкалык аскерий түзүлүш бар, аларды миңдеген немис аскерлери кайтарат. Кээ бир байкоочулардын айтымында, Алманияда жайгашкан америкалык күчтөр Перс булуңуна көчүрүлө баштаганда, Ирак согушунун башталганына аз калды десе болот.

XS
SM
MD
LG