Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

БУШ ЖАЛПЫ УЛУТТУК БИЛДИРҮҮ ДАЯРДАП ЖАТАТ


Шейшемби күнү АКШнын президенти Жорж Буш жалпы улуттук билдирүү жасайт. Анда Буш америкалык коомчулукту Иракка каршы согушка үгүттөйт деп күтүлүүдө. Бул Буштун президент болгондон берки жалпы улутка экинчи ирет кайрылуусу. Ал эми былтыр алгачкы билдирүүсүндө анын Иранды, Иракты жана Түндүк Кореяны "карамүртөз үчилтик" деп айыпташы курч талаш-тартыштарга түрткү болгон эле.

Бир жыл мурда президент Буш күтүлбөгөн жерден Ирак, Иран, Түндүк Кореяны "карамүртөз өлкөлөр" деп айыптап, бүт дүйнөнү таң калтырган. Шейшембиде ал Багдадга каршы согуш ачуу учун Америка элинин колдоосун алууга аракет кылаары күтүлүүдө.

Президент Буштун "карамүртөз үчилтик" тууралуу билдирүүсү кандай өзгөрүш алып келгенине адистердин көз караштары кандай болду экен?

Жеймс Линдсей – Вашингтондогу Брукиңз илим-изилдөө институтунун аналитиги. Линдсейдин айтымында, Буштун былтыркы билдирүүсү Иракка эл аралык инспекторлордун кайтып келишине көмөкчү болду:

- Президент Буш "зарыл болсо, Бириккен Улуттар уюмуна кулак салбай, Саддам Хусейнди күч менен болсо да ыкка көндүрөм" дегенден кийин, Американын союздаштары мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн, мыйзамдын аткарылышын да кепилдөө зарыл экендигин аңдагандай болушту.

Америкалык ардагер дипломат Жоел Уит да "кара мүртөз үчилтик" билдирүүсүнүн ашып кеткен кесепети болгон жок деп эсептейт. Уит 1994-жылы Клинтондун администрациясы тушунда, Түндүк Корея менен өзөктүк кризисти убактылуу жөнгө салууга мүмкүндүк берген келишимдин авторлорунун бири. Өткөн күздө Түндүк Корея өзөктүк куралга пайдаланса боло турган байытылган уран чыгарууга киришкенин жарыялагандан кийин, ал келишим пайдасыз кагазга айланып калганы ашкереленди.

Буш администрациясынын оппоненттери Буштун жалпы улуттук билдирүүсү Пхенянды өзүн коргоо үчүн бир катар чукул кадамдарга мажбурлаганын айтышууда. Өткөн айларда Түндүк Корея 1994-жылкы келишимден баш тартып, өзөктүк бомба чыгаруучу реакторун кайра ишке киргизди. Ал эми кечээ жакында ал Өзөктүк куралды таркатпоо келишиминен чыгып алды.

Бирок дипломат Уит Буштун администрациясы Клинтондун "камчы жана токоч" саясатын башынан эле туура көрбөгөнүн эскертип, "кара мүртөздөр" жөнүндөгү билдирүү ошол жаңы стратегиянын гана уландысы болгондугун белгиледи.

Линдсей да "Буштун билдирүүсү Түндүк Кореянын жол башчысы Ким Чен Ирди уранды байыта баштоого түрттү" дегенге макул эмес:

- Айрымдар Буштун сөздөрүн Пхенянды туура жолдон чыгарды деп айгай салышты. Бирок Түндүк Корея 97-жылы эле уран байыта баштаган, ошондуктан президенттин сөзү Пхенянда терең өзгөрүүгө түрткү болду деген ырастоонун канчалык негиздүү экендигин айтуу кыйын.

Ал эми Иранчы? Ширин - Хантер теги ирандык. Ал Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык иштер борборунда эмгектенет. Анын ишениминде, "карамүртөздөр" билдирүүсүнүн пайдасынан кесепети көбүрөөк болду. Буштун былтыр январдагы сөзүнөн мурдараак Иран Вашингтон менен мамилесин жакшыртуу жаатында бир нече кадам жасаган. Ал 11-сентябрдагы Америкадагы террордук чабуулдардын курмандыктарына көңүл айткан, Ооганстандагы согушта америкалык кызмат көрсөтүү бөлүктөрүнө өз аймагында жардамдашууга убада кылган. Иран ошондой эле Бонн калаасында Ооганстандын убактылуу өкмөтүн куроодо чечүүчү роль ойногон.

Бул кадамдарга америкалык жетекчилер, анын ичинде Мамкатчы Колин Пауэл жогору баа берген. Ушуларга байланыштуу, АКШ-Иран мамилеси чындап жакшыра баштагандыгы айтылып жаткан. Ширин Хантердин сөзү боюнча, анан эле Буштун Иранды "карамүртөз өлкөлөрдүн" катарына кошуп салганы, бул өлкөдөгү эскичил күчтөрдүн чырагына май тамызды: "Мына ушунун баарынан кийин, Иранга "карамүртөз" деген жалаа жабылды. Менимче, бул ирандыктарды абдан таң калтырды. Ошондо, ирандык консерваторлор "Көрдүңөрбү, төбөңөр менен жер казсаңар да, Америкага жакпайсыңар, анткени ал Ирандагы бийликтин көзүн тазалагысы келет" деп реформаторлорду келекелешти,- дейт Хантер.

Убагында Рональд Рейган Советтер Союзун "кыянат империя" деп атаган. Советтер Союзу ушул эки сөздөн улам кыйрады десек, аша чапкандык болоор эле. Ушуну эске алуу менен Хантер бүгүнкү Иранда өзгөрүш болсо, ал Америка президентинин эки ооз сөзүнөн эмес, өлкөнүн өзүндө болуп жаткан окуялардан улам болоорун эскертти.
XS
SM
MD
LG