Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ: «КЫРГЫЗСТАНДЫН КОНСТИТУЦИЯСЫН ӨЗГӨРТҮҮНҮ ТУРМУШ ӨЗҮ КӨРСӨТТҮ»


Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Турдакун Усубалиев менен 2-февралдагы референдумга байланыштуу маек.

- Турдакун мырза, 2-февралда Кыргызстандын тарыхындагы дагы бир олуттуу окуя-Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум болгон жатат. Сиз аны колдоп жатасыз. Мындай чечимиңизге эмне негиз берди?
- Мен коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмер, депутат катарында Конституциянын реформасын толук колдоймун. Менин пикиримдин негизги себеби кандай? Кыргызстандын депутаттарынын арасында жашы жагынан, депутаттык милдетти аткаруунун мөөнөтү жагынан эң улуусу менмин. Советтик мезгилден кийинки доордо элдин ишеними боюнча мен 10 жылдан ашык мезгилден бери депутаттык милдетти аткарып келатамын. Жалпы алганда менин депутат болгонумдун мөөнөтү 35 жылдан ашыгыраак. Мен мактанып айтып жатканым жок. Эл аралык конституциялык тажрыйба жөнүндө менин толук маалыматтарым бар. Президент курамы эң мыкты адистерден, окумуштуу юристтерден турган эксперттик топко конституциялык кеңештин мүчөлөрүнүн, ошондой эле элдик талкуунун учурунда түшкөн сунуштарды жыйынтыктоону тапшырды. Президент эксперттик топтун материалдарын карап чыгып, Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун өзү бекитип, аны рефрендумдун кароосуна койду. Конституциянын жаңы редакциясы конституциялык кеңештин сунуштарына жана элдик талкуу учурунда түшкөн сунуштарга негизделгенин Конституциянын жаңы редакциясынын тексти көрсөтүп турат. Президенттин Конституциянын жаңы редакциясы боюнча жасаган аракеттери, менин пикиримче, Конституциянын жоболоруна негизделген. Бул жерде президент тарабынан эч кандай артка чегинүү же Конституциянын жоболорунан тайып кеткен аракет жок. 2-февралдагы референдумда Кыргызстандын эли Конституциянын жаңы редакциясын кубаттап, жактырса анда мындан ары Жогорку Кеңештин, өкмөттүн укуктары эң кеңири болот. Бир дагы мамлекеттик маанилүү маселе парламенттин, өкмөттүн макулдугу болбосо кабыл алынбайт. Президент Акаев өзүнүн Конституцияда жазылган көп укуктарын Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн укуктарына кошуп берди. Эми президент мамлекеттик маселелер боюнча негизинен сунуштар гана киргизет. Сунуштарына Жогорку Кеңештен, өкмөттөн макулдук сурап турат. Бирок, оппозиция президенттин жакшы, чыныгы демократиялык аракеттерине тийиштүү баа бербей жатат.
- Оппозиция президенттин ишмердигине туура эмес баа бергендиги үчүн президент «2005-жылга чейин өз кызмат ордумда калайынбы?» деген суроону референдумга коюп жатат деген ойдосузбу?
- Бул маселе бекеринен чыкпаганы көрүнүп турбайбы. Акыркы бир жылда биздеги оппозиция президентти каралап, анын бардык ишине көө жаап келатканы баарыга маалым. Бул гана эмес Конституциянын жоболорун бузуп, Жогорку Кеңештин эки палатасы чече турган маселени бурмалап, президентти кызматтан кетирүүнү уюштуруучу комитетти да түзбөдүбү. Бул комитеттин мүчөлөрүн карап көрсөң бардыгы президентке таарынгандар, өз убагында тапшырган иштерди аткара албагандыгы үчүн кызматтан алынгандар. Булардын арасында бир дагы калыс адам жок. Оппозициянын максаты, ачык айтканда, президенттен өч алуу экендиги көрүнүп турат. Оппозициянын пикири боюнча президентти кызматтан кетирүүнүн себеби республикадагы экономикалык оор абал, элдин көпчүлүгү башынан өткөрүп жаткан экономикалык кыйынчылыктар. Туура, кыйынчылыктар абдан көп. Муну президент да танбайт. Бул кыйынчылыктарды жоюу үчүн президент да аракет кылып жаткандыгын танууга болбойт. Кыйынчылыктардын обьективдүү жана субьективдүү себептери бар. Муну оппозиция танып отурат. Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркы улам артып барат. Бул дагы президент Акаевдин аракеттеринин бир натыйжасы.
- Ал эми Конституциянын жаңы редакциясындагы саясий партиялардын өкүлдөрү парламентке бир мандаттуу округдардан гана шайланат деген жобо трайбализм, жердешчилик, уруучулукту күчөтөт деген ойлор арбын болууда. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?
- Туура эмес. Эмне үчүн трайбализм, кайдагы трайбализм? Партиялар кайда? Эмне иштеп жатат? Коомго кандай таасири бар? Ушулар жөнүндө мына силер материал бердиңерби? Кана, кайсы партия эмне иштеп атат? Алардын азыр жетекчилери эле парламентке мүчө. Жетекчилери эле Мыйзам чыгаруу, Эл өкүлдөр жыйындарындагы талкууга катышат. А башка жерлерде кандай болуп атат? Мисалы, менде алар тууралуу маалымат жок. Бир дагы материал окуган жокмун. Демек, бул норма абдан туура. Республикада эл арасында маанилүү саясий партия жок. Саясий партиялар эми гана жаңыдан түзүлүп жатат, түзүлүүдө. Бир эле мисал келтирейин. Мен шайланган шайлоо округунда үч район бар. Бул үч райондо 70 миңден ашык шайлоочу жашайт. Бул округда саясий партиялардын бир дагы уюму жок. Бардык округдарда да ушундай абал. Бул баарыга белгилүү. Саясий партиялар өсүп жетилип, эл арасында таасирдүү болгондо гана квота жөнүндө сөз болушу ыктымал. Эми жанагы өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдө, маселен, Японияда эң ири эки партия бар. Шайлоодо ошол эки партия өз өкүлдөрүн көрсөтөт. Кимиси жеңип чыкса ошолор өкмөттү түзөт. Биздин мамлекет дагы келечекте ошого барыш керек.
- Оппозиция президент ушул референдум менен өз бийлигин дагы бекемдеп, кызмат мөөнөтүн дагы узартат деп жатат. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?
- Андай болушу мүмкүн эмес. Ал жөн эле божомол да…
- Конституциянын жаңы редакциясында экс-президент үй-бүлө мүчөлөрү менен толук бойдон мамлекеттин камкордугуна алынат деген берене талаш-тартышты пайда кылууда. Кыргызстанды чейрек кылым башкарган адам катары сиз кандай ойдосуз, экс-президент үчүн ушундай камкордук зарылбы?
- Бул зарыл. Бизде азыр жаңы доор. Азыр эл аралык тажрыйбага өтүп жатабыз. Биздин доордо башкача болчу. Биз деле ошондо, мурунку республикалардын жетекчилери материалдык жагынан мамлекет тарабынан камсыз болчубуз. Саясий бюронун мүчөлөрү, союздук министрлер, союздук республикалардын жетекчилери мамлекет тарабынан камсыздалчу. Алардын арасында мен да бар болчумун. Жаңы доорго өтүп, демократиялык өлкө болгондон кийин биз дагы эл аралык тажрыйбаны колдонушубуз керек. Бир эле мисал, Россиянын биринчи президенти Борис Ельцинди мамлекети камсыз кылып атат. Американын президенттеринин баары тең мамлекеттин эсебинен камсыздалат. Алардын баарынын офиси бар, ар бирөөнүн архиви бар. Азыр оппозиция «Эмне үчүн архивин алып кетет?»-деп айтып атпайбы. Ал архив өзүнүкү, өзү чечкен маселелер боюнча архив. Булар түшүнбөй жатат. Экс-президенттин абалы ушундай. Менин оюмча, мунун бардыгы туура жазылган, эл аралык нормага туура келет.
- Эгер президент иштен кеткенден кийин ал иштеген кездеги бир кылмыштуу иштин бети ачылса деле жоопко тартылбай кала береби?
- Президенттердин күнөөсү үчүн эң негизги чара –импичмент. Эгерде президент аягына чейин иштесе, импичмент болбосо кайсы кылмышы үчүн жоопко тартылат? Эгерде өлкөсү үчүн чыккынчылык кылса, анын кызыкчылыгын сатса эки палатанын чечими боюнча импичмент жарыяланат. Аны Конституциялык сот бекитет. Анан кетип калгандан кийин кайсы кылмышы үчүн тартылат?
- Эми 2-февралдагы референдумда коюлган маселелерди шайлоочулардын бардыгы колдойбу, бул боюнча сиздин ойуңуз кандай?
- Акылдуу, Кыргызстандын келечегин ойлогон, Кыргызстанда тынчтык, жакшы кырдаал болсун, элибиз ынтымактуу болсун деген адамдардын баары колдойт. Ал эми башамаландык болуп, бүлүк түшсүн дегендер, балким, колдобошу мүмкүн.
- Кыргызстан эгемендик алган 11 жылдын ичинде Конституция ушуну менен төртүнчү ирет оңдолууда. Эмки өзгөртүү качан болушу мүмкүн деген ойдосуз?
- Муну турмуш көрсөтүп жатат да. Конституцияны өзгөртүү жалаң эле бизде эмес. Американын Конституциясын да алып көргүлөчү, анда да көп өзгөртүүлөр бар. Турмуш айтып атат, ошого байланыштуу ушундай болуп атат. Мен бир мисал айтайын, адегенде биздин Жогорку Кеңеш бир палаталуу болчу. Элдин талабы, депутаттардын көбүнүн талабы боюнча эки палата керек деп, Конституцияга өзгөртүү киргизилди. А турмуш көрсөттү жана элдин пикири боюнча эки палата Кыргызстан окшогон чакан мамлекетке өтө кымбат турат экен. Ошон үчүн элдин пикирин эске алып, анан өзүбүздүн экономикалык абалыбызды эске алып, азыр Конституциянын жаңы редакциясында бир палата болсун деген сунуш киргизилип жатат. Демек, муну турмуш өзү көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG