Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН КУРАГЫНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ТАЛАШТАР


Кыргызстандын президенти А.Акаев 2003-жылды кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесинин жылы деп жарыялады. Айрым кыргыз тарыхчылары байыркы заманда кыргыз мамлекети болгонун кытайлык булактар далилдей алат дешсе, белгилүү Батыштык окумуштуулар бул маселеде көптөгөн күмөндүү суроолор бар экенин айтышат.

Кыргыз президенти Аскар Акаевдин өтүнүчү боюнча, жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2003-жылды кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы деп жарыялаган резолюцияны кабыл алды. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы чындыкка төп келеби?

Мындай дымактуу дата кыргыз окумуштуулары изилдеп-тапкан Кытайдагы байыркы кол жазмалардагы маалыматтарга негизделген. Аларда, атап айтканда, биздин заманга чейинки III кылымда эле кыргыз мамлекети болгону баяндалат. Президент А.Акаев "Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана айтылуу "Манас" эпосу" аттуу китебинде ошол кытайлык булактарга шилтеме жасап: "Биздин заманга чейинки III кылымда кытайлык хундардын бийлик башчысы эгемен кыргыздарды жеңип, өз өлкөсүнө кошуп алганын кабарлайт. Бул маалымат – байыркы кыргыздардын тышкы кол салуулардан коргонууга жөндөмдүү мамлекеттик системасы болгонун айгинелейт", - деп жазат президент Акаев.

Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын тарых институтунун директору, профессор Жеңишбек Жунушалиев жана башка бир катар тарыхчылар Кыргызстандын президентинин бул жазгандарын илимий аргументтер менен бышыктайт.

Ошол эле учурда көз карандысыздык алгандан бери кыргыз бийлиги улам бир даңазалуу датаны таба коюп, той-тамашага акча сарптагандан көрө ал каражатты каржалып турган экономикага, кыйналган элдин жашоосун жакшыртууга жумшаса болмок дегендер да четтен табылат. "Эркиндик" партиясынын лидери, укук коргоочу Топчубек Тургуналиев кыргыз өкмөтү мамлекеттик деңгээлдеги тойлорду элдин көңүлүн саясаттан алаксытыш үчүн да пайдаланаарын айтат.

Ал эми Батыштык илимпоздор кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эки миң жылдан ашкан курагын жарыялоого абайлап мамиле жасаш керек деп эсептешет. Белгилүү тарыхчы Денис Синордун "Ички Азия. Конспектилер" аттуу китебинде кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалымат Батыштык булактарда биздин замандын VI кылымында гана кездешээрин маалымдайт. Ал эми 840-жылы күч-кубаттуу Уйгур Каганатын Энесайдын үстү жагын байырлаган түрк тилдүү кыргыздар багындырганы тууралуу кабарлар Батыштык булактарда көп эле учурайт. Бирок, европалык айрым илимпоздор ошол энесайлык кыргыздар азыркы тапта Кыргызстанда жашаган кыргыздардын ата-бабалары экенинен да шек санашат. Айрым тарыхчылар Кыргызстандын азыркы калкы XV-XVI кылымдарда Алтай тоолорунан ооп барган көчмөндөрдүн тукуму деген жоромолго көбүрөөк ыкташат. Британиялык кытай таануучу илимпоз, профессор Денис Твитчетт кытайлык кол жазмалардагы маалымат көп жагынан күмөн туудураарын белгилейт:

- Менимче, аларда мамлекет тууралуу айтылганы апыртма кеп. Мамлекеттин, азыркы түшүнүк боюнча, борбордук бийлиги, социалдык базасы, башкаруу органдары болушу керек. Алардын бири да бул өтө тайыз булактарда эскерилбейт.

Албетте, кыргыз бийлиги өз элинин байыркы тарыхына кайрылып, илимий изилдөөлөрдү аздектеп, улуттук биримдик үчүн даңазалуу идея көтөрүп чыкканын айыптоого эч ким батынбас. Бирок, бул жерде илимий объективдүүлүк менен калыстыктан көрө саясий субъективдүүлүк көбүрөөк экени да талашсыз.

Кыргыз тарыхчылары болсо, бул мааракеге байланыштуу өкмөт археологиялык, этнографиялык, археографиялык жана башка илимий экспедицияларга, жыйын-симпозиумдарга, жаңы табылгаларды жарыялоого олуттуу көмөктөшөт деп күтүүдө. Совет доорунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты большевиктик революциянын жемиши катары гана көрсөтүлүп келген.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG