Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:50

БИШКЕК ШААРДЫК СПОРТ КОМИТЕТИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ


Бишкек шаардык спорт жана туризм комитети борбордогу дене тарбия, спорт, туризм саясатын жүргүзгөн мекеме. Анын карамагында 4 райондук спорт комитети, 5 спорттук база: «Дельфин» сууда сүзүү бассейни, «Бишкектурспортсервис» дене тарбия үйү, ден соолукту чыңдоо комплекси, «Чоңташ» спорт базасы жана адистештирилген 5 олимпиадалык резервдеги балдар спорт мектеби бар.

Бишкекте спорттун 50 түрү менен 160 миң адам машыгып, ден соолугун чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул үчүн шаардагы 6 стадион, 6 сууда сүзүү бассейни ,1 манеж, 20 спорт аянтчалары жана залдары кызмат кылат.

Өткөн жылы Бишкек шаардык спорт комитети 9 спартакиада, 21 ачык чемпионат,18 биринчилик үчүн мелдештерди,4 жолу шаардын кубогун, 60 ашуун иш-чараларды өткөрүшкөн. 2002-жылы Бишкектин командасы Кыргыз Республикасынын 3-спартакиадасында баш байгеге ээ болуп, 55 алтын медаль жеңип алышкан . Бишкектик балбандар оор атлетикадан 6 ирет Кыргызстандын рекордун жаңыртышкан.

Эл аралык таймаштарда баш калаанын спортчулары 7 алтын ,9 күмүш, 12 коло байгенин ээси болушкан. Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында 12 медаль жеңген спортчулардын бардыгы-Бишкектин тургундары.Шаардык өспүрүм балдар үчүн 27 спорт клубдар иштеп ,спорттун 19 түрү боюнча 7 миңдей жеткинчектер спорт менен машыгып жатышат.

Чоңташ эс алуу базасы мындан үч жыл мурун Бишкек шаардык спорт комитетине берилген.Бул база өкмөткө 1 миллион сом карыз эле.Базанын жабдуулары таланып,чалдыбары чыгып калган.Үч жыл аралыгында Чоңташ базасынын жылуулук системасы жаңыланып ,эми мейманканасы оңдолуп жатат. Бул базаны учур талабына ылайыктоо үчүн дагы ашкана менен эмерек жабдууларын жаңылап, иретке келтирүү зарыл.

Бишкек шаардык спорт комитетинин иш-чараларын каржылоо жергиликтүү бюджет эсебинен жүргүзүлөт. Өткөн жылы 3 млн. сомдон ашык каражат бөлүнүп, максаттуу пайдаланылды. Анткен менен Бишкек шаардык спорт комитетинин көйгөйлүү маселелери арбын. Спорт базалары оңдоого муктаж. Суу түтүктөрү, жылуулук системалары, электр жабдуулары эскирип, жаңыртууну талап кылууда.

Спортчулар иштеп тапкан арзыбаган каражат коммуналдык тейлөөгө төлөнүп, имаратты кармоого араң жетүүдө. Спорт клубдары болсо ижара акысын араң төлөп, эптеп жан багууда, атайын мектептердин жабдуулары дээрлик эскирип, иштен чыккан. Жаңысын алууга чамасы чарк. 10 жылдан бери бир да спорт мектеби толук оңдолбоду. Бишкектеги спорт мектептеринде медициналык керектүү жабдуулар жок. Кыргызстанда аймагында спортсмендерди күч-кубатына келтирүүчү медициналык борбор курула элек. Машыктыруучулардын айлыгы аздыгынын мыкты адистер башка жактарга кетип калышууда. Мамлекеттик жергиликтүү мекемелер дене тарбия ишинен оолактап, спорт аянчаларын курууну унутуп калышкан.

Бишкек шаардык спорт комитетинин орун басары Бообек Кадыркулов мындай дейт:

- Бишкек шаардык спорт комитетинин алдында быйыл көп милдеттер турат. Бишкектин 125 жылдык мааракесин уюштуруу боюнча иш-чараларды такталууда. Бул майрам июнга белгиленген. Ошондуктан спорт мектептер менен кеңешип, чоң мелдештерди өткөрмөкчүбүз. Кикбоксинг боюнча Бишкек менен Стамбул шаардык спортчулардын жолдоштук мелдеши март айында болот. Баскетбол боюнча Борбор Азия республикаларын, Кытай, Түркия, Иран мамлекеттеринен спортчуларды чакырып, Эл аралык мелдеш уюштурабыз.

Бишкекте быйыл күздө спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын 3-спартакиадасы өткөрүлөт. Буга бардык областтардан иргелген спортчулар катышат.

Бишкектеги «Фрунзе» атындагы айыл-чарба машиналарын куруу заводунун «Сельмашевец» стадиону жеке ишкерге мыйзамсыз сатылып кеткен. Бишкек шаардык спорт комитети стадион мыйзамсыз сатылганын айтып, Арбитраждык сотко берген. Арбитраж сот калыс чечсе, «Сельмашевец» стадион комплекси Бишкек шаардык спорт комитетинине берилсе , калктын ден соолугу үчүн кызмат кылаар эле, - дешет спорт адистери.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG