Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:33

МАЙЛЫСУУДАГЫ УРАН ШАКЕЛДЕРИНИН АБАЛЫ АДАМ ӨМҮРҮНӨ КОРКУНУЧТУУ БОЙДОН КАЛУУДА


Кыргызстандагы уран калдыктарынын абалы соңку учурларда табият сүйүүчүлөрдүн да, адистердин да тынчын алган маселелерден болууда.

Кыргызстан Советтер Союзунун убагында уран кенин биринчи берген республика. Мындан анын утканынан, уттурганы көп болгонун Кыргызстан аймагында көмүлгөн көптөгөн уран шакелдери далилдеп турат.
Айрыкча соңку кездерде Майлысууда көчкү көп жүрүп, табияттын мындай чыргоосу уран шакелдеринин коопсуздугуна катуу коркунуч туудуруп келет. Майлысуу шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Немат Мамбетовдун айтымында, Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан айрым иштерге карабай, негизинен абал оор бойдон калууда.
- Азыркы убакта экологиялык абал татаал, себеби, 1992-жылдан тартып шаардын аймагындагы көчкүлөр активдешип, анын натыйжасында эки жүзгө жакын жерде көчкү жүрүү коркунучу турат. Ал көчкүлөрдүн көбү уран шакелдеринин үстүндө же жанында. Эгер көчкү ордунан козголо турган болсо анда алар уран шакелдерин кошо сүрүп кетип, уу заттар түз эле Майлысуу дарыясына куюлуп, ал бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн экологиялык абалын татаалдатышы мүмкүн, - дейт Немат Мамбетов.
Майлысууда 23 уран шакелдери бар, алардын жалпы көлөмү 2 миллион кубометрдин айланасында. Бул уран шакелдери 1946 - 1968-жылдар аралыгында уран казып алуунун натыйжасында пайда болгон. Алар Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү экологиялык жактан эң коркунучтуу очоктордун бири болуп эсептелет. 1958-жылы бул жерде чоң авария болуп, 600 кубометр уран калдыктары сууга куюлуп, анын залалын Майлысуунун эли ушул күнгө чейин тартууда. Бул тууралуу Немат Мамбетов «Ушул азыр да шаардын ар кайсы жеринде – аномалдуу очоктор деп коебуз, ошондой жерлерде радиациялык нурлануу 60 Мкр/сааттан 3000 Мкр\саатка чейин жетүүдө», -дейт.
2001-жылдын июнь айынан тартып Майлысуудагы эң коркунучтуу деп аныкталган №3 уран шакелинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында ТАСИС долбоору иштей баштаган. Долбоор боюнча, эң коркунучтуу делген уран шакелдери же бекемделип жакшылап көмүлөт же башка бир коркунучсуз жерлерге ташылып бармак. Бул максатта Европа Кеңеши жарым миллион евро өлчөмүндөгү каражат бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу Белгиянын SCK-CEN компаниясына жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигине тапшырылган.
- Министрликтин кызматкерлери айрым уран шакелдеринин жээгин бекемдөө иштерин жасашты. Ошентсе да кырдаалды кескин жакшыртуу боюнча али да болсо алгылыктуу жумуштар жасалалек. Белгиялыктар буга чейин коркунучтуу жерлерди изилдеп, нурлануулардын чен-өлчөмдөрүн аныктап кетишкен. Эми алар май айында келгени жатышат, ошондо иштер алга жылат деген үмүттөмүн, - дейт Немат Мамбетов.
Уран шакелдеринин кесепетинен майлысуулуктар айыкпас дартка - рак ооруларына көп чалдыгышат.
- Изилдөөлөр уран шакелдеринин кесепетинен рак ооруларына чалдыккандардын саны Майлысууда республиканын башка аймактарына караганда эки- үч эсе көптүк кыларын көргөздү, - дейт Немат Мамбетов.
Кыргыз тоо кен металлургия университетинин ректору, академик Кубат Осмонбетов Кыргызстандын парламенти ушул кезге чейин радициялык экология боюнча мыйзам кабыл албай келатканын айтат.
- Биздин Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарууда, өзгөчө, илимий-техникалык жетишкендиктер боюнча мыйзамдарды кабыл алуудан артта. Мисалы, радиациялык фон боюнча мыйзам ушул күнгө чейин кабыл алына элек. Мына ошол мыйзамдын негизинде республиканын башкы санитардык дарыгери шакелдерди жана таштандыларды кайсы жерге кантип көмүш керек, аларды кантип текшерип, көзөмөлдөп туруш керек деген маселелерди жөнгө салып турууга тийиш, – дейт Кубат Осмонбетов.
Анын айтымында, ошондой мыйзамдын негизинде, бир эле Кыргызстандын аймагындагы уран шакелдеринин коркунучун алдын албай, коңшу өлкөлөрдөн аба толкундары менен келүүчү адам ден-соолугуна зыян заттарды да ченеп-билип турууга болор эле.
XS
SM
MD
LG