Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

ОРУСИЯЛЫК БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА


Муса Мураталиев, Москва

“Коммерсантъ-Власть” гезитинде жарыяланган «Жапайы Чыгышта» деген макалада бул жылы боло турган саясий жагдайдын божомолу айтылат. Макалада «КМШ өлкөлөрү достошо албайт», деген бүтүм чыгарылат. Күңкорсуз Мамлекеттер Шериктештиги эл аралык уюм болуудан калышы мүмкүн экендиги белгиленет. “Мамлекет башчыларынын жолугушуулары саясий маселелерди макулдашуу менен чектелет”, деп жазат гезит.

Басылмада быйыл деле жакынкы чет өлкөлөр менен Орусия мамилеси анча өзгөрбөй тургандыгы, Москванын кайсы бир мамлекет менен кандай мамиледе болору тууралуу учкай кеп болот. Гезит авторлорунун маалымдашынча, Кыргызстан менен Орусиянын, КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда «баалуу саясий декларация болбойт, бирок экономикалык жактан катнаш болот».

«Независимая газета» 20-январда куш тилиндей кабар жарыялап, анда Орусия аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү бул күндөрү Кыргызстанда болорун маалымдады. Аскерий өкүл Кантта уюшулуп аткан учак базанын маселелерин чечүүгө бара жатыптыр.

«Новые Известия» гезити 21-январдагы санында Александр Михайловдун «Кантка кайтып келүү» деген макласын жарыялады. Журналисттин айтымында, Кантка аскер-аба күчтөрүнүн жооптуу кызматкери генерал Анатолий Ноговицын барат. Базаны уюштуруу маселеси Орусия президенти Владимир Путин өткөн жылы декабрда Бишкекте болгондо чечилген. Ошондо президент Путин орус учактарынын Кантта жайгашуусу тууралуу Аскар Акаевдин колдоосун алып келген, деп маалымдайт макаланын автору.

Макалада базада кызматын өтөөчү 700 киши менен 20 согуштук учактын чыгымы жылына 150 миллион долларга чыгары кабарланат. Мынча каражат Орусия өкмөтүнө оордук кылат, ошондон эгер смета кыскартыла турган болсо Кантта Су-25 тибиндеги чабуулга жароочу учактар гана калат.

19-январда Борис Немцов ТВС сыналгысы аркылуу айткан кебинде Орусия аскерлеринде «дедовщина» күчтүү экенине токтолду.
«Мурунку жылы «дедовщинадан» бир батальон же 531 аскерибиз курман болду. 20 миң жоокер, үч двизияга чукул аскерибиз уруштан эмес «дедовщинанын» майып болду», - деди ал.

КМШ өлкөлөрүнүн азыркы абалы туурасында Швейцарияда өтүп аткан эл аралык форум тууралуу 21-январда «Независимая газета» жазып чыкты. Отурумда 7 мамлекетке – алардын бири Кыргызстан – жардам берүү каралып атканы маалымдалууда. Форумга 7 өлкөнүн өкмөтүнөн, бейөкмөт уюмдардан, Эларалык валюта кору, Бүткүл дүйнөлүк банк өкүлдөрү катышууда. Гезитте Швейцария өкмөтү соода тармагына деп Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзүбексатанга 1 миллион 500 миң доллар жардам бергени да маалымдалат.

«Россияская газета» 20-январдагы санында Элла Таранова, Владимир Березовский, Юрий Кириницияновдун эмне себептен орустар Азиядан көчүп кетип атышканы жөнүндө макаласын жарыялады. Макалада Борборазиядан көчө качып аткан орустар, алар менен кошо дарбып, журт которуп аткан тили бурулар эсеби кылым болуп көрбөгөн чекке жеткени маалымдалат. Авторлор Кыргызстандан орус тилдүүлөрдүн жер которуп кетиши республикага кыйла оорчулукту алып келет, анткени жакшы даярдыгы бар техникалык адистерден кол жууп калууда, деп белгилешет. Маалыматка караганда, Казакстандан 2 миллионго чукул, Өзүбекстандан 300 миңден ашуун, Кыргызстандан 500 миңден ашуун орус тилдүү калк тарыхый мекенине көчүп кеткен.

Кыргызстанда калып аткан орус тилдүүлөр менен кыргыздардын абалы тууралуу баяндап, авторлор эки көрүнүшкө өзгөчө басым жасашкан. Каракол менен Нарындан балдарына орус тилин үйрөтүү үчүн колунда бар ата-энелер «Славян фондуна» кат жазышкан. Нарындагы жалгыз орус мектепте болгону 7 орус бала жана ата-энелери айылдан алып келип киргизген 2 миң кыргыз бала окуйт.
XS
SM
MD
LG