Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Ооганстан сот системасын реформалоого макул болду


БУУ жана Ооганстан келерки эки жылда Ооганстандын сот ситемасын реформалоо жөнүндөгү 30 миллион долларлык келишимге кол коюшту.
Улуттар уюмунун өкүлү Manoel de Almeida e Silva маалымдаганга караганда, бул долбоор Ооганстандагы мыйзамдуулукту калыбына келтирүүдөгү биринчи кадам саналат.
Долбоорго ылайык, обол соттор жайгашкан имараттар оңдолот жана сот кызматкерлери атайын даярдыктан өткөрүлөт. Аялдар менен эркектердин укуктарын теңдөөгө жана аялдардын сот системасындагы ролун чыңдоого да долбоордо чоң маани берилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG