Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

АКШнын Мамлекеттик секретары К. Пауэлл Ирактын алдына конкреттүү суроо койду


АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл мүмкүн болчу Иракка каршы согуштагы АКШнын позициясын ачыкка чыгарды.
К. Пауэлл Швецариянын Давос курортунда өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда айтканга караганда, Вашингтон башка мамлекеттер кошулбаса да, Иракты куралсыздандыруудан баш тартпайт.
БУУнун инпекторлору Ирактын куралсыздануу боюнча өзүнө алган милдеттенмесин бузганын ырастап, кыргын салчу куралдарды табуусунун кажети жок. Тескерисинче, согушту болтурбоо үчүн Ирак куралсызданганын далилдеш керек. “Инспекция башталгандан алты жумадан кийин да, эл аралык коомчулук маанилүү суроолорго жооп албады. Мурунку инспекция Ирактан айдалып чыкканга чейин биз билген он миңдеген литр антракс менен ботулин жок кылынган болсо, анын далили кана? Муну испекторлорго Ирак далилдеш керек! Химиялык заттарды ташууга ылайыкташтырылган 30 миңге жакын атайын идиш кайда? Инспекторлор андай идиштердин 16сын араң табышкан”,- деп суроо салды Колин Пауэлл жыйында.
Ал, ошондой эле, Вашингтон инспекторлор эртең БУУнун Коопсуздук кеңешинде жасачу докладды “чыдамкайлык” менен үйрөнүп чыгарын айтып, бирок, Иракка берилген убакыт өтүп баратат деп эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG