Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

ОРУС БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва

Орусиялык күндөлүк жана жумалык басылмаларда Кыргызстанда 2-февраль күнү өтөт деп мерчемделип жаткан референдумду талкууга алган макалалар көбөйүүдө. Кыргызстан элинин башкы Мыйзамына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн канчалык мааниге ээ экендиги ар кайсы гезитте ар түрдүүчө чагылдырылууда. Мисалы, «Коммерсант» гезитинде жарык көргөн «Аскар Акаев өлкөнү эч кимге калтыра албайт» деген аталыштагы Дмиртий Глумсковдун макаласында келээрки жумада Киевде өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитине А. Акаев барбай тургандыгы айтылат. Анда белгиленгендей, А. Акаев алдыдагы референдумду өлкө тарыхындагы маанилуу окуя катарында карап, бул убакта өлкөнү калтыра албай тургандыгын айткан. Ошондуктан, саммитке өкмөт башчысы Николай Танаев катышмак болду. Макалада айтылгандай, өлкө ичинде бул тууралуу түрдүү ойлор айтылат. «Көптөр Акаевдин бул чечимин ага жакын адамдардын кымындай эле «туура эмес» кыймылы элди референдумга терс багыттап коюсу мүмкүн деп корккондугу менен байланыштуу дешет» дейт журналист. «Дегинкиси, өлкөнүн негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргызстан эли үчүн жаңылык деле болбой калды» деп жазды шейшемби күнү (21.01.03) «Правда.ру» басылмасы. Ал эми «Российская газетанын» жазганына караганда Кыргызстан конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү ишин Борбордук Азия өлкөлөрү ичинде биринчи болуп колго алыптыр. «Коммерсант», өз кезегинде, өлкө калкы 12 жылдык «көз карандысыздык доорунда» 4 жолу Башкы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенин жазды.

Негизинен Кыргызстандагы конституциялык реформага карата орусиялык саясий байкоочулардын мамилеси да түрдүүчө. Алардын бири, «Карнеги» Корунун өкүлү Алексей Малашенко «бул маселе позитивдүү да, негативдүү да натыйжаларга алып келүүсү мүмкүн экендигин» айтат. Анын оюнда, пайдалуу жери, конституциялык реформа Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүндөгү демократиялык процесстин өнүгүүсү үчүн өтө актуалдуу. Анткени, коңшулаш өлкөлөрдөгү абал, алардын бийлик башчыларынын реформага карата болгон мамилеси да президенттин конституциялык мыйзамга карата болгон көз карашыны өзгөртүүгө түрткү болот.

А.Малашенконун айтымында: “Ал эми конституциялык реформа алып келүүчү терс көрүнүш өлкөнүн ички саясий абалы менен тыгыз байланыштуу. Дал ушул өлкөдөгү саясий туруксуздук абалында, мамлекет башчы Аскар Акаевдин түрдүү сындарга кабылуусу, болгондо да алардын акыйкат айтылып жаткандыгы жана калктын өлкө башчысына болгон мамилесин түшүнүү бүгүнкүдөй кыйынчылыкты түзүп турган учурда Конституцияга өзгөртүүлөрдүн киргизилүүсү жана мамлекеттик түзүлүштүн өзгөртүлүүсү Кыргызстан учун опурталдуу жыйынтыкка алып келүүсү ыктымал. Бул процесс баары бир уланат, андан качып кутулуу азырынча мүмкүн эмес”.

Жума күнү (24.01.03) «Российская газетада» басылган Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаевдин интервьюсунда «Конституциялык реформа турмушка ашса, өлкөө алдына коюлган негизги беш милдетти аткарууга жол ачылат» дейт. Анын айтымында, бул беш милдет: адамдардын конституциялык укугун бекемдөөгө, бийлик бутактарынын ашыкча кийлигишүүсүн чектөөгө, шайлоо жолу менен түзүлүүчү бийлик органдарынын ишин жандандырууга, сот ишмердүүлүгүндө көз карандысыздыкты камсыз кылууга жана анын деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле бешинчи милдет: бардык даражадагы бийлик органдарынын конституциялык жоопкерчилигин күчөтүүгө мумкундук берет».

Бирок, «Правда» гезити кыргыз президентинин бул ойлорун көп деле негизсиз эмес деп тапкандай көрүнөт. Журналист Юрий Разгуляев Жаңы Конституциялык мыйзамды талкууга алуу менен анда көрсөтүлгөн айрым жагдайларга токтолот. Мисалы – дейт журналист – жаңы мыйзам боюнча депутат Парламентке партиялык тизме боюнча шайлана албайт. Жакында эле А. Акаев өлкөдө көп партиялуулукту демократиянын негизги жеңиши катарында даңазалап, буга далил катарында Жогорку Кеңеште бир катар күчтүү партиялардын бар экендигин айткан эле. Эми кадам алдыга эмес, тетирисинче, артка жасалууда. Мындай жагдай Мыйзам чыгаруу жыйынындагы партиялык фракциялар оппозициянын ядросу катарында таанылгандыгынан улам болгондугу ачык эле» деп жазат Ю. Разгуляев. Ошондой эле, макалада Негизги мыйзамга кийирилүүчү өзгөртүүлөр жарандардын митингдер менен жыйындарды өткөрүү укугун чектей тургандыгы айтылат. Бул үчүн алар жергиликтүү бийлик башчыларынан уруксат алуулары керек болот. Мындан сырткары, журналист Кыргызстан Президенти «жанданууну алып келет» деп белгилеген беш негизги милдетинин бири, сот системасынын ишмердүүгүн жандандырууга өтө эле шектуу карай тургандыгын айтат. «Учурда Кыргызстан калкынын 80 проценти сотторго ишенишпейт. Азыр соттун чечимине каршы болгон ар бир жаран Конституциялык сотко кайрылууга укуктуу, ал эми жаңы мыйзам жарандарды мындай мүмкүнчүлүктөн айрылтат» деп айтылат макалада. Дегинкиси, «Референдумдун мындай эрте өткөрүлүүсүнүн өзү туура эмес көрүнүш» деп бир катар орусиялык саясий талдоочулар тарабынан да айтылган. Бул жолу кыргызстандыктарга конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү түшүнүүгө эки жума гана берилүүдө. Көптөгон жергиликтүү эксперттер бул иш кеминде жарым жыл убакытты талап кылаарын айтышып, андан кем убакыт коом пикирин алдоого жол бере тургандыгын билдиришүүдө.

Орусиялык басма сөз каражатарында, мындан сырткары, КМШ мамлекет башчыларынын келерки жумага белгиленген саммитин талкууга алуу күчөй баштады. Аптанын бейшемби күнү (23.01.2003) «Наша газета» басылмасынын журналисти Михаил Стрельцов жалпы эле КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтык, «андагы интеграция кагаз бетинде жазылган бойдон эле калып жаткандыгын» айтып чыкты. Анын оюнда, алдыдагы саммитте деле ичти жылыткан өзгөрүүлөр болбойт. Негизинен азыркы мезгилде КМШ өлкөлөрүн кандай кызыкчылыктар жакындатуусу мумкун? Көп учурда аналитиктер менен эксперттер кызматташтык экономикалык алакалар менен жүрсө, жакшы жыйынтыктарды берет деген пикирде экени маалым. «Бирок, ошого карабастан ортодогу эркин соода аймагына мүчө катарында киргенден көрө Шериктештиктеги өлкөлөр көбүрөөк Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болууга умтулушат. Анткени, бул уюмга мүчөлүк биринчи вариантка караганда алда канча кирешелүү» деп жыйынтык кылат журналист.
XS
SM
MD
LG