Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

ФРАНЦИЯ МЕНЕН ГЕРМАНИЯНЫН ТҮБӨЛҮК ДОСТУГУНА 40 ЖЫЛ


1963-жылы Франция менен Германиянын ортосунда түбөлүк достук жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлганына 40 жыл толду. Париждеги Елисей сарайында кол коюлган үчүн тарыхка Елисей келишими деген ат менен кирген документтин юбилейи Париж менен Берлинде салтанаттуу белгиленди.

Мындан 40 жыл илгери ал кездеги француз жана немец жетекчилери Шарль де Голль жана канцлер Конрад Аденауэр кол коюшкан Елисей келишими, чынында эле, Европа Биримдигинин түптөлүшүнө чоң таасир эткен тарыхый окуя болгон. Ага чейин бир кылымга жетпеген мезгил ичинде 3 ирет кырчалыша согушкан Франция менен Германия түбөлүк достук тууралуу келишимге кол койгону, бир чети Европада мындан ары кандуу касташуу болбойт дегенди түшүндүрсө, экинчи чети улам бир улуттар аралык уруштан чарчап-чаалыккан континенттин кийинки саясий-экономикалык биригүүсү менен өнүгүүсүнө жол ачкан.

Андан кийинки 70-80-жылдары Франция менен Германиянын кесиби боюнча экономист лидерлери – Жискар д'Эстен жана канцлер Гельмут Шмидт эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүп, алар негиздеген финансылык карым-катнаш келечекте Европа Биримдигинин бирдиктүү валютага ээ болушуна шарт түзгөн дешет эксперттер.

Алардан кийинки француз жана немец жетекчилери – социалисттер Франсуа Миттеран менен Гельмут Кольдун ортосундагы жакын досчулук мамилелери эки мамлекеттин бирдей багытта андан ары өнүгүшүнө дем кошкон.

Байкоочулар бирок, Берлин дубалы кулап, мурдагы эки Германия бириккенден тарта француз-немец алакалары салкындай түшкөнүн белгилешет. Балким, француздарда эски "германофобия", же немецтерден коркуу сезими жандана баштадыбы, же Франциянын консерватор-президенти Жак Ширак менен немец канцлери, социалист Герхард Шрөдердин жеке ымаласы башында келишпей калдыбы, айтор, 90-жылдары эки өлкө ортосунда айрым түшүнбөстүктөр болгонун Париждеги Стратегиялык изилдөөлөр корунун директору Франциск Хейзбург мындайча баяндайт:

- Берлин дубалы кулагандан кийинки эки өлкөнүн мамилелерине суу сепкен эки окуяны атай кетсек болот. Биринчиси, Франция 96-жылы коргонуу күчтөрүн реформалаарын жарыялаганда, Германия өкмөтү алдын-ала эскертип-макулдашпаган үчүн Парижге нааразылык билдирип, эки өлкө ортосунда татаал консультациялар орун алган. Андан кийин 2000-жылы Еврошаркеттин алкагындагы Ницца келишими боюнча француз-немец делегацияларынын ортосунда араздашуу келип чыккан. Азыр эми Франция менен Германия бекем достукту, эл аралык маанилүү маселелерде чечкиндүү бирдиктүүлүгүн көрсөтүп жатат. Балким, буга Францияда азыр президент менен премьер – бирдей саясий көз карашта экени өбөлгө болушу мүмкүн.

Эмнеси болсо да, Кошмо Штаттардын Ирак жана Түндүк Кореяга карата саясатына каршы чыгып, жаңы деңгээлдеги достугун даңазалап жаткан француз президенти Ширак менен немец канцлери Шрөдер эки өлкөнүн достугун түптөгөн Елисей келишиминин 40 жылдыгын кеңири шаан-шөкөт менен белгилешти. Бейшембиде түштөн кийин Франция менен Германиянын 1200гө чамалаш депутаттары Париждеги Версаль сарайында чогулуп, эки жетекчинин жалындуу сөздөрүн угушту. Анын эртеси Франциянын Улуттук жыйыны менен Бундестагдын тышкы байланыштар комитеттери Берлинде биргелешкен жыйын өткөрүштү. Париждик белгилүү басылмаларда жарыяланган маегинде Ширак жакында француз-немец кызматташтыгы боюнча атайын секретариат түзүлүп, ал эки өлкөнүн саясатын жакындаштырууга кызмат өтөөрүн билдирди. Франция-Германия достугуна арналган иш-чаралардын аягында Ширак менен Шрөдер Берлинде эки өлкөдөн чогулган 500дөй студенттер менен баарлашып, жаңы муун өкүлдөрүнүн курч жана кызыктуу суроолоруна жооп беришти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG