Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

КЛАУС АХЕНБАХ: «10 ЖЫЛ ИЧИНДЕ 70 ЖЫЛДЫК ДИКТАТУРАНЫ ЖОЮП САЛУУ КЫЙЫН»


Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбах “Азаттыктын” кабарчысынын эки өлкө ортосундагы экономикалык, саясий, маданий мамиле-катыш тууралуу суроолоруна жооп берди.

- Урматтуу элчи мырза, оболу Германиянын Башмыйзамы, ага оңдоо-түзөтүү киргизүүнүн механизми тууралуу айта кетсеңиз. Демократиялык салты өнүккөн Европа өлкөлөрүндө бул жагынан кандай өзгөчөлүктөр бар?

- Германиянын Негизги Мыйзамы Конституциялык Кеңешмеде талкууланып, кабыл алынат. Федералдык деңгээлде Германияда референдум өткөрүлбөйт. Негизги Мыйзам парламентте үчтөн экиден көп добуш менен кабыл алынат. Мунун себеби мындай. 20-30-жылдары Веймар Республикасында жарамсыз тажрыйба жасалган. Анын натыйжасында президентке көбүрөөк бийлик берилип, парламент чабал болуп калган. 2-дүйнөлүк согуштан кийин жарамсыз тажрыйбадан сабак алдык. Бийликтин биринин күчтүү, экинчисинин алсыз калышы демократиянын жок болушуна алып келет. Ошондуктан федералдык деңгээлде Германияда референдум өткөрүлбөйт, бирок да айрым федералдык аймактарда референдум жарыяланат. Ал коммуна же жамааттарда өтүшү да мүмкүн. Конституциялык өзгөрүүлөр парламентте үчтөн экисинен көп добуш менен гана кабыл алынат. Бирок өзгөрүүлөр өтөле сейрек киргизилет, негизинен ал 2-3 берененин айланасында гана жүрдү. Өзгөрүүлөр спецификалуу маселелерге байланыштуу болсо деле парламентте ал узакка талкууланып, тиешелүү чечим кабыл алынат. Ушул жерден эки мисал келтиргим келип турат. Согуштан кийин Германия Федеративдүү Республикасы куралдуу аскер кураштырууну каалаган эмес. «Кансыз согуш» учурунда Германия Федеративдүү Республикасы Батыш өлкөсүн сактоо, демократияны коргоо үчүн аскер күчүн түзүүгө мажбур болду. 50-жылдары Бундесвер пайда болду. Эки дүйнөлүк согуштан жеңилип калган өлкөдө аскер куроого калктын көбү каршы чыгышкан. Маселе оор эле. Экинчи мисал өзгөчө кырдаал жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу. Кыйын жагдайда калк бейпилдигин сактоо, куткаруу, жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттин колунда күчтүү бийлик болушу керек. Бирок, Веймар Республикасынын демократиясынан жалкып калган элде тынчсыздануу сакталып калган болчу. Калк мамлекет бийликтин баарын өзүнө топтоп алат деп чочулап калган. Бул тема 60-жылдары узак талкууланды, талаш-тартыш кыйла жылдарга созулду. Өзгөргөн саясий жагдайга нааразы болгон көпчүлүк эл демонстрацияларга чыгышкан. Жыйынтыгы саясий кризиске алып келди. Мен дагы бир нерсени айта кетейин. Негизги Мыйзамдын түпкү пайдубалын адам укугу түзөт. Бул парламент үчтөн эки же бештен төрт көпчүлүк менен сөз эркиндигин, басма сөздүн өз алдынчалыгын жоюп сала албайт, дегенди түшүндүрөт.

- Элчи мырза, кыргыз басылмаларында, коомчулук арасында «Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ Кыргызстандагы саясий процесске баштагыдай сынчыл карабай калды. Буга «Манас» аба майданында антитеррордук коалиция аскерлеринин жайгашуусу себеп болду», деп айтылууда. Сиздин буга пикириңиз кандай?

- «Антитеррордук күрөш башталгандан бери Кыргызстандагы демократиянын абалына, адам укугунун, сөз эркиндигинин сакталышына Батыш өлкөлөрү, Америка Кошмо Штаттары баштагыдай көңүл бурбай калды” деген пикир айтыла калганынан кабарым бар. Бирок, бул жаңылыш пикир. Мунун туура эместигин далилдеш үчүн болгон мүмкүнчүлүктүн баарын жумшап жатам. Германия, Европа Биримдиги, Кошмо Штаттар үчүн андай эмес деп айта аламын. Кесиптешим Жон О’Киф мырза менен тез-тез жолугуп турам, биз дайыма пикир алышып турабыз. Биз Кыргызстандагы адам укугунун сакталышын кылдат баамдап турабыз. Кыргызстандын дүйнө арасында демократиялык жакшы кадыр-баркы бар. Эгемендик алгандан кийин Кыргызстан демократиялык реформаларды батыл жүргүзүүдө. Борбор Азиянын башка республикаларына салыштырмалуу Кыргызстан кыйла ачык, демократиялык өлкө деп эсептейм. Республикада сынчыл маалымдоо каражаттары бар. Албетте, 10 жыл ичинде 70 жылдык диктатураны жоюп салуу кыйын, алдыда иштер арбын. Өткөндүн айрым калдыктары дагы кайталанышы, тоскоолдук көрсөтүшү мүмкүн. Европа Биримдиги, АКШ, биз демократия, адам укугу, сөз эркиндиги сакталышын байкап турабыз. Эгер бул жолдон тайып кетүү же адашып башка багытка бурулуп баратса кыргыз досторубузга аны ачык эле айтабыз.

- Кыргызстан Германиянын саясий, экономикалык, маданий кызматташуу жаатындагы жакын өнөктөшү. Эки өлкөнүн алака-катышы кандай?

- Кыргызстан менен Германиянын карым-катышы өз ара түшүнүүчүлүккө негизделген. Ал Кыргызстанда жашаган этникалык немистер проблемасы менен да шартталган. Биздин боордошторубуз 100 жылдан бери Кыргызстанда жашап келатышат. Кыргызстандагы немистердин көбү Германияга көчүп кетишти. Алар Кыргызстан тууралуу жылуу пикирде, көпчүлүгү кызматташкысы келет. Кыргызстандык немистер менен Германиядагы улутташтарымдын мамиле-катышы эки өлкөнүн өз ара кызматташуусундагы маанилүү фактор. Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн ичинен Германия Кыргызстандын жакын өнөктөшү болуп кала бермекчи. Германия Кыргызстандан алыс жайгашкан. Бул катнаш, товарлардын ташылышын кыйла татаалдантат. Кыргызстан кошуна республикалар, Орусия, Кытай, Борбор Азия республикалары менен алакасын жакшыртышы үчүн ортодогу чек ара ачык болушу керек. Андай болгондо Кыргызстанга Германия инвесторлорунун кызыкчылыгы артмак. Анткени Кыргызстан аркылуу Борбор Азия, Кытай, Орусия базарларына чыгууга шарт түзүлөт. Германия - Кыргызстандын эң ири инвестору. Эгер республикадагы жагдай жакшырса алака-катыш дагы кеңеймек. Буга айрым бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, коррупцияга каршы күрөш кирет.
XS
SM
MD
LG