Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

ЖАЗУУЧУ ЖАНА ИЛИМПОЗ-СЫНЧЫ КАМБАРАЛЫ БОБУЛОВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


Санарбек Карымшаков, Бишкек Белгилүү жазуучу жана илимпоз Камбаралы Бобуловду эскерүү.

«Азаттык» кечөө кабарлагандай, кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Ушул жылдын 24-январында 67 жашка караган курагында көрүнүктүү илимпоз-сынчы, акын жана коомдук ишмер, прозаик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Камбаралы Бобулов дүйнөдөн кайтып, бүгүн Улуттук драма театрында маркум менен коштошуу ырасмиси өттү.

Чыгармачылыгын студент курагында чакан аңгемелерин, новеллаларын, сын макалаларын жарыялоодон баштаган Камбаралы Бобулов адабий коомчулукка баарыдан мурда күжүрмөн, сергек, полемист сынчы катары таанымал болчу. Токомбаевдин, Осмоновдун, Сыдыкбековдун, Айтматовдун жана башка акын-жазуучулардын чыгармачылыгын жана жалпы эле кыргыз адабиятынын актуалдуу проблемаларын терең талдоого алган макалалары Москвада жана башка республикалардагы мартабалуу басылмаларда байма-бай жарыяланып, кезинде кыргыз адабияты менен илимий сынынын бүткүл союздук аренада таанылышына бараандуу салымын кошкон. Ал эми «Поэты Киргизии», «Алыкул Осмонов» аттуу жыйнактарды, Москвадагы «Советский писатель» басмасынын чылк гана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын жарыялоочу «Библиотека поэта» сериясынан жарыкка чыгарганы эле кыргыз адабияты үчүн сиңирген атан төөдөй ак кызматы болчу. Кезинде «Түштүк кызы» повести көп тилдерге которулуп, ал боюнча кинофильм да тартылган.

Камбаралы Бобулов акын катары да таанылып, классикалык чыгыш поэзиясындагы казал жанрында көптөгөн чыгармаларын жараткан. Журналисттик эмгек жолун «Ала-Тоо» журналында иштөөдөн баштап, узак жылдар бою «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, «Правда» гезитинин кабарчысы, Автордук укуктардын Бүткүл Союздук Агентствосунун кыргыз бөлүмүнүн директору, соңку жылдары «Эне тил» коомунун президенти болуп үзүрлүү эмгектенип келген. Жогорку Кеңештин легендарлуу парламентине депутат болуп шайланган учурунда кыргыз адабиятына, маданиятына, айрыкча мамлекеттик тилге байланыштуу маселелерди күйүп-бышып көтөргөндөрдүн ана башында туруп берген.

Сөз кезеги Камбаралы Бобуловдун курбусу Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Сарман Асанбековдо:

- Камбаралы биринчи окууга киргенден баштап 20 киши университеттин бир жатаканасында жаттык. Ошондон баштап жогорууда аты аталган жолдошторубуз адабиятка да, искусствого да кызыгуубуз, бири-бирибизге сыр бөлүшүүбүз дайын болуп калган. Ошол күндө Камбаралы алгачкы чыгармаларын ырдан эмес, сындан эмес, прозадан баштаган. Биринчи курста окуп жүргөндө жылдын ортосунда Жазуучулар Союзунун пленуму болуп, ал кездеги Жазуучулар Союзунун төрагасы Азиз Абдыкасымов Салиевдин чоң авторитеттүү чогулушунда Бобуловдун прозаларын, аңгемелерин окуп чыккандан кийин, кубаныч менен айткан сөзү бүгүнкү күнгө чейин кулагымда турат, «Бобулов стучит в дверь прозы» деп орусча кыйкырып айтып. Биз пленумдан чыккандан кийин биздин арабызда, «кыргыз адабиятына талантуу жазуучу келе жаткан экен» деп, аны куттуктаганыбыз али көз алдымда.
Эми бүгүн Какемди келбес сапарга узаттык, арга жок. Буюрган өмүрү ушул экен, анын кыргыз элине жасап кеткен ишине баарыбыз, эл да, жолдоштору да ыраазыбыз. Какебиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко, жаны жаннаты болсун.
XS
SM
MD
LG