Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Сыбызгы 18: Борбор Азиялык маданият интернетте


Көз карандысыздыктын жылдарында көз жаздымда калган маданий турмушту Интернет аркылуу жандандыруу мүмкүнбү? Сыбызгынын бүгүнкү темасы ушул, алгач маданий кабарлары менен тааныштырабыз.

Аятолла Хомейни өлүм жазасына буйруп, башына 1 жарым млн доллар сайган Салман Рушдинин "Түн ортосунда туулган балдар" деген романы жакында Лондон театрында, Падышачыл Шекспир Компаниясы тарабынан сахнага чыгарылат. Оюнга теги азиялык 20 британ актеру тартылган. 1981-жылы жазылган роман 1947-жылдын 15-августунда, Индия Британиядан көз карандысыздык алган түнү жарык дүйнөгө келген эки баланын тагдырын баяндайт. 1947-жылы июн айында Бомбейде, мусулман ишкердин бүлөсүндө туулган Ахмад Салмад Рушди көз карандысыз Индия мамлекетинен эки ай гана улуу. "Түн ортосунда туулган балдардын" мындан он жыл мурда "Букерс оф Букерс" (Bookers of Bookers) сыйлыгын алышы Рушдинин көрөңгөлүү калемгер экендигин дагы бир ирет тастыктаган.

Исскусство сөзсүз эле саясаттан бөлөк болууга тийиш эмес! Белгилүү америкалык актер Жорж Клуни АКШнын Иракка кол салуу планын каршы чыкты. "Биз Ирактын элин кырбастан туруп, Саддам Хуссейнди сөзгө келтирсе болбойбу?",- деп суроо салды Голивуд жылдызы ушул дүйшөмбүдө сыналгыдан сүйлөгөндө. Өткөн айда 100дөн ашык исскуство ишмерлери президент Бушту согуш баштабоого чакырышкан эле. Ал эми кечээ эле "Нью-Йорктун Бандалары" аттуу фильми үчүн "Алтын Глобус" сыйлыгына татыган режисер Мартин Скорсесе "Буш администрациясынын мунай өнөр-жайы менен байланышына көп америкалыктар сын көз карашта",- деди. Өткөн апта соңунда Американын ар кайсы шаарларында уюштурулган бир нече демонстрацияларга 10 миңдеген киши катышты.

Тележурналист Мартин Башир поп-жылдызы Майкл Жексондун артынан сегиз ай жүрүп, документалдуу кино тартты. Британиялык АйТиВи1 сыналгысынын өкүлү Жефф Андерсондун ырастоосунда, бир жарым сааттык фильмди толугу менен сыналгы компаниясы өзү каржылады жана журналист Майкл Жексондун жеке турмушу менен жакындан таанышууга мүмкүндүк алды. Мисалы Башир поп-жылдыздын Калифорниядагы ранчосунда жана жеке менчик айбанат багында болгон. Фильм 1980-жылдарда дүйнөдө эң көп сандагы дискин саткан Майкл Жексондун жылдан жылга ылдыйлап бараткан жылдызын көтөрмөлөй алаар бекен? 1990-жылдардын башында жаш балага сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталып, Жексондун кадырына доо кеткен. Өткөн ноябрда анын Берлинде күйөрмандарынын алдында балкондон ымыркай баласын куурчактай булактатып көрсөткөнүн да көпчүлүк осол иш деп баалады. Ал эми Жексондун 2001-жылкы "Инвинсбл" (Invinsible) дискин музыка сүйүүчүлөрү көңүл кош кабыл алышкан эле.

Үстүбүдөгү айда Фергана шаарында арт-кафе ачылды. "Браво" - жалпы эле Фергана өрөөнүндөгү тунгуч адабий-көркөм кофекана болуп калды. Ачылыш аземине шаардагы чыгармачыл интелигенция түп көтөрө келди. Кафе Өзбекстандын Көркөм академиясынын областтык бөлүмүнүн колдоосу менен негизделди. Программада ферганалык сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрүн уюштуруу, дүйнөлүк кинематографиянын классиктерин көрсөтүү, акындардын кечелерин өткөрүү пландары бар. Арзан жана даамдуу азиялык, европалык тамак-аш жаагымдуу джаз жана классикалык музыканын коштоосунда сунуш этилет.

Кыргыз сүрөтчүсү Венада болот! Вена шаары, Австриянын тышкы иштер министрлиги жана Чыгыш Коому биргелешип, "Борбор Азиянын бир сүртүмдөрү" деген көргөзмө уюштуруп жатышат. Июнь айына болжонгон көргөзмөгө тажик, казак сүрөтчүлөрү, Кыргызстандан Юристанбек Шыгаев катышат. Шыгаев бизге буларды билдирди: "Мен былтыр Эл аралык Тоо жылына карата "Манас тамга" деген көргөзмө ачкам. Бул көргөзмөнүн максаты – "Манасты" бүткүл дүйнөгө таанытуу",- дейт Шыгаев Юристанбек.

Анда Сыбызгынын башкы темасы - Борбор Азиядагы маданият жана Интернет маселесине өтсөк. Бүгүн дүйнөлүк компютердик тармакта Борбор Азияга адистешкен көптөгөн веб-сайттар (web sites) бар. Алардын бир катары Батыш Европада жана Америкада ачылган, жергиликтүү сайттар да көбөйүүдө. "Аки-Пресс", "Кабар", "Хабар", "Жахон", "Узрепорт" - өкмөттүк же бейтарап сайттар. Оппозициячыл күчтөр да бул мүмкүнчүлүктөн кеңири пайдаланып, сүргүндөгү казактардын "Центразия", түркмөндөрдүн "Гундогар", өзбектердин "ӨзбекстанЕрк", "Бирлик" сайттары иштеп жатат. Кыргыз оппозициясы жакында "Референдум.елкат.кг" (www.referendum.elcat.kg) адресинде барагын ачып, бирок азырынча айтылбаган себептен улам бул сайт жабылып калды. Булардын жалпылыгы – маданият, исскусство, адабият жаатындагы жаңылыктардын таңсыктыгы. Бирок аккан арыктан суу агат демекчи, айрымдар бул кемтикти ошол эле интернеттин жардамы менен толтурууга далалат кылышууда.

Таанымал сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин Елкат.кг (www.elcat.kg) сайтында өздүк баракчасы бар. "Интернеттин жакшы жери, дүйнө жүзүндөгү сүрөт исскуствосунда эмне жаңылык болуп жатат, дүйнөдө кандай көргөзмөлөр болуп жатат, ушул жагынан көп мүмкүнчүлүктөр бар. Адам баласы ушуну көрүп туруп, Кыргызстанда жата бербестен, ошол эле Францияда, Америкада болуп жаткан көргөзмөлөрдүн сайттарын ачып карап көрүп, тааныша алат",- дейт Шыгаев. Ал Интернеттеги өз баракчасы - исскуство күйөрмандары жана алармандар үчүн чакыруу белети экендигин белгиледи.

Сүрөтчү чет жактарда көп көргөзмөлөргө катышып келет, анын чыгармалары Батышта көп коллекциялардын тутумуна кошулган. Бирок маектешибиз интернеттен пайдаланууга кыргыз сүрөткерлеринин баарынын эле чама-чаркы жетишпейт дейт: "Мен бөлүм башчысы болуп иштейм, алган 50 доллар айлыгым машинеге бензин куйганга да жетпейт. Ал эми интернеттики айына 20 долларга чыгып кетип жатат. Бирок бул керектүү нерсе экен да, себеби азыр бүт эле чет элдиктер "сиздин веб-сайтты көрөт элек" деп телефон чалышат. Веб-сайт аркылуу менин сүрөттөрүмдү алабыз дегендер чыгып жатат, дүйнөнүн улуң-бурчунан электрондук почтага жазышат. Бирок, бардык эле сүрөтчүлөрдө мындай мүмкүнчүлүк жок. Мисалы бир топ жакшы сүрөтчүлөр бар, алардын веб-сайт же Интернет эмес, токочко акчасы жок".

Интернеттеги жер жайнаган сайттардын 80 пайызы англис тилинде, ошондуктан дал ушул тилде чыккан барактардын окурмандар чөйрөсү кеңири. Филип Нубел Борбор Азиянын маданиятын дүйнөлүк компютердик тармакта дал ушул тилде таанытууну чечти. Анын "Помегранейт Ревью" – "Ички Азиянын руханий жашоосу, исскуствосу жана маданияты" (www.pomegranatereview.com) деп аталган сайты ушул жазда ачылууда. "Помегранейт" англисчеде "анар" дегенди билдирет. Бул сайттын алгачкы санында кайсы темалар болот? Сөз сайттын редакторунда: "Aнар Борбор Азия маданияттарында эмнени билдирет? Же Борбор Азиядагы чай ичүү каадасын талдайбыз. Болбосо, чыгыш элдериндеги тумардын мааниси, ал кандайча жасалат, элдин каада-алтында кандай роль ойнойт? Мына ушул сыяктуу культуралогиялык темаларды басабыз".

Сайтты кандай максат менен ачканын Нубель мындайча түшүндүрдү: "Интернетте англис, орус, жергиликтүү тилдерде көп сайттар бар. Алар Борбор Азиядагы саясатка, экономикага арналган, аналитикалык маалыматтарды басышат. Бирок, бул аймактын маданияты тууралуу эч бир тилде дээрлик эч нерсе таба албайбыз. Мен ушул боштукту толтурайын дедим. Менин сайтым алгач англисче чыгат, кийин орусча, бара-бара түркий жана тажик тилдеринде да басылат деп үмүттөнөм".

Создуккан саясий жана экономикалык кризистин шартында маданий турмуш да тукулжурап калганы таң калыштуу эмес. Филип Нубел мындай дейт: "Менимче, бул кадыресе көрүнүш, анткени Советтер Союзу кулагандан кийин, баары чар-тарапка көз чаптырып, Борбор Азиядагы өз турмушун унутуп калгандай болушту. 70 жыл бою жабык болуп келген коом үчүн бул табигый реакция. Анткени адам турмушка башкача карай баштайт. Өз жашооң, өз каада-салтың кызыксыз көрүнөт, аны мурда эле билчүсүң, ошондуктан, жаңы бир нерсе көрүп, билгиң келет".

Франциялык жаш окумуштуу Филип Нубел эл аралык аналитикалык уюмдардын биринин Борбор Азия эксперти. Бала чагы Ташкенде өткөн, Непалда эки жыл иштеген, тогуз тилде, анын ичинде кытай тилинде сүйлөйт, азыр кыргыз тилин жана комузда ойноону өздөштүрүп жатат. Париж, Лондон, Прага, Маскөө. Дүйнөлүк маданияттын мына ушул борборлоруна байма-бай каттаган Нубелдин Борбор Азиядагы маданий жашоого көз карашы кандай болду экен?

"Мен азыр көбүнчө Ош шаарында турам, мында албетте мүмкүнчүлүк чектелүү, анткени кыргыз, өзбек театрларын жана чакан филармонияны айтпаганда, көргөзмөлөр дээрлик уюштурулбайт, анда-санда консерттер боло калат, бирок албетте Бишкекке салыштырып болбойт. Бишкекте музейлер, опера-балет театры, элдик музыка, фото-галереялар бар, мода көрсөтүшөт. Ташкенде, Алматыда мындан да жакшы",- дейт "Помегранейт Ревью" сайтынын редактору Филип Нубел. Бул сайттын биринчи саны апрель-май айларында жарык көрөт, ал эми биз Интернетти барактап, бир нече жылдан бери Борбор Азия тууралуу адабий чыгармаларды жарыялап келаткан сайтка токтололу. "Central Asian Fiction" же "Борбор Азиялык көркөм адабият" баракчасы жалаң ангис тилинде чыгат. Мындан чет элдик жана айрым жергиликтүү авторлордун прозасын жана ырларын таба алабыз. Ошондой эле фото-сүрөттөр галереясы бар.

Бул сайттын редактору Эрик Блендер Борбор Азияда беш жыл гуманитардык уюмдарда иштеген, өзбек темасындагы кыска аңгемелер жыйнагынын автору, учурда АКШнын Аризона штатында жашайт. Өз сайтынын жупуну ийгилигине баа берип, Блендер өткөн жылы анын сайтына 5 миң киши "каттаганын", окурмандар электрондук почта менен байланышып турушаарын билдирди. Ошол эле убакта, Борбор Азия дүйнөгө анчейин тааныла элек болгондуктан, окурмандардын кеңири катмарын тартуу жана аңгемелерге кызыккан басмаканаларды табуу кыйын болуп жатканын моюнга алды.

Ошентсе да, өз чыгармаларына жер шарынын булуң-бурчунан окурман табууга дилгир болгон авторлор үчүн, бул сайт даңгыр жол ачат. Бир гана жери, сайтты өз каражатына жалгыз иштеткен редактордун акын-жазуучуларга калем акысын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. "Эгерде мага орус тилиндеги аңгемелерин жиберишсе, мен аны которуп, сайтка жайгаштырам. Тажик тилинен бир аңгемени өзүм которгом. Башка тилде болсо да, аракет кылып көрүүгө даярбыз",- дейт Эрик Блэндер, Central Asian Fiction сайтынын редактору.

Сайтты http://cenasia-fiction.netfirms.com/ адресинен же Азаттыктын баракчасы www.azattyk.org деген даректен таба аласыздар – "Маданият" рубрикасынан "Сыбызгы" программасын караңыздар. Уктуруубузду Блендердин өз окурмандарына жана авторлоруна арнаган бул сөздөрү менен аяктайбыз. "Чыдамкай болгула, улуу күчтөр сөзсүз жардамга келет!".

Тектеш

XS
SM
MD
LG