Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Ысыккөл областында Социалдык фондго карыздарын төлөй элек мекеме-уюмдардын саны азайбай жатат


КАРАКОЛ. Областтык Соцфонд башкармасынын башчысы Медер Кожомбердиевден алынган маалыматка караганда, областтагы мекеме-уюмдардын, ишканалардын областтык Соцфондго болгон карызы 69 млн. сомду түзөт. Анын 32 млн. сому - өндүрүлбөй турган, тактап айтканда, жоюулуп кеткен, банкротко учураган мекеме-уюмдардын, чарбалардын карыздары болуп саналат. Медер Кожомбердиевдин айтымында, 1992-жылдан бери өндүрүлбөй келе жаткан 32 млн. сомду жоюш үчүн Жогорку Кеңештин эки палатасына чейин маселе көтөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө областтык Соцфондго «Жыргалаң» шахтасы 17 млн. сом, Каракол шаарындагы суу канал ишканасы - 2 млн. 880 миң сом, Түп районундагы «Күрмөнтү гүлбото» акционердик коому - 2 млн. 869 миң сом карыз.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG