Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Баткен окуясында барымтага алынгандыгы үчүн ички иштер кызматынан чыгарылган тогуз милиционердин сегизи кызматка кайра алынды


ОШ. Баткен окуясында барымтага алынгандыгы үчүн ички иштер кызматынан чыгарылган тогуз милиционердин сегизи кызматка кайра алынды. 7-январь күнү Ош областтык ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин аттестациялык комиссиясынын колдоосу менен кайрадан кабыл алынган милиция кызматкерлерине кызмат орун каралып жатат. Алды 2-3 күндө кызматка чектелет, бирок, баарысын дароо кызматка коюш мүмкүн эмес.
Алар 1999-жылдын 25-августуна караган түнү Чоңалай районундагы Бокбашы бекетинде Өзбекстан Ислам Кыймылынын күчтөрү тарабынан барымтага алынып, андан бошотулгандан кийин, коопсуздук кызматынын амири менен арыз жазып, күч структурасында кызмат өтөө вазийпасын тапшырып беришкен эле. Республиканын чегинен чыгып кеткендигине байланыштуу, алардын бирөөнүн маселеси каралган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG