Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

АКШынын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Бишкекте бир катар саясатчылар менен жолугушат


БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү Кыргызстанга АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Елизабет Жонс айым келет. Бирок анын сапарынын расмий бөлүгү шейшемби күнү башталат. 28-январда ал Президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Бишкектеги АКШ элчилигинин маалымат кызматы кабарлады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин АКШ боюнча адиси Самаргүл Борбиеванын билдирүүсүнө караганда, Елизабет Жонс Кыргызстанга Борбор Азия регионуна жасаган сапарынын алкагында келет. Анын Президент, тышкы иштер министри менен жолугушуусунда Кыргызстан менен Кошмо Штаттардын өз ара мамилеси талкууланат. АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы 2002-жылы да январь айында Кыргызстанга келип кеткен.

XS
SM
MD
LG