Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы чукул жарыяланганына тынчсыздангандыгын билдирди


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы чукул жерден жарыялангандыгына тынчсызданууда. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) АКШнын элчисининин орун басары Дуглас Дэвидсон 23-январда, ЕККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында билдиргендигин дүйшөмбүдө АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Америкалык элчи өз билдирүүсүндө өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн башын кошкон Конституциялык Кеңешме жакшы иштегендигин, бирок Конституциянын жаңы редакциясын даярдоодо кеңешменин сунуштары эске алынбай калгандыгын белгилеп, жаңы редакцияда аткаруу бийлигининин күчүн бекемдеп, жарандык коомдун ролун азайткан жоболордун киргенине, чукул белгиленген референдум долбоорду талкуулоого мүмкүнчүлүк бербегендигине тынчсыздангандыгын билдирген.
Буга чейин, тактап айтканда 24-январда, ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу ушундай эле маанидеги билдирүү таркаткан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG