Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

Президент Акаев ишкерлерге жагымдуу шарт түзө турган жардык чыгарды


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев «Ишкерлер чөйрөсүнө жагымдуу шарттарды калыптандыруу чаралары» аттуу жардыкка кол койду. Бул тууралуу 27-январда өкмөттүн экономика боюнча вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев кабарлады. Анын маалыматына караганда, жардык инвестициялык абалды жакшыртууга багытталган үчүнчү матрицаны ишке ашыруу үчүн чыгарылды. Анын негизинде матрицаны аткаруу боюнча ар бир министрлик менен мекеме жетекчисинин жеке жоопкерчилиги күчөтүлүп, анын аткарылышы тууралуу ай сайын маалымат берип турууга милдеттендирилди. Алты ай ичинде ишке ашырыла турган үчүнчү матрицанын алкагында Салык жана Бажы кодекстерине, ошондой эле бул тармакка тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, мекемелердин атайын эсептери жоюла турган болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG