Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Эл аралык каржы институттары Кыргызстандагы конституциялык реформаны оң баалап жатышат


БИШКЕК. «Эл аралык каржы институттарынын жетекчилери Кыргызстандагы конституциялык реформаны оң баалап жатышат», - деп билдирди 27-январда «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев. Анын айтымында, эл аралык финансы институттарынын жетекчилери Швейцариянын Люцерн шаарында 22-25-январь күндөрү өткөн «КМШдагы демилге-7» аттуу эл аралык конференциядагы жолугушуу учурунда Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясына киргизилген акыркы эки өзгөртүүнү алга жылуу деп баалашкан. Ушундан улам вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев эл аралык финансы институттарынын Кыргызстанга мамилеси өзгөргөн жок деп билдирди.
«КМШдагы демилге-7» аттуу эл аралык конференция Эл аралык Валюта Фондунун, Дүйнөлүк Банктын, Азия Өнүгүү жана Европа Өнүгүү банктарынын демилгеси менен өткөрүлүп, анда КМШдагы эң жарды деп саналган 7 мамлекеттин маселелери каралган болчу.

XS
SM
MD
LG