Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:30

Европа биримдигин Өзбекестандага адам укугунун абалы тынчсыздандырды


Европа Биримдиги Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына тынчсыздануу билдирди. Брюсселде Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушкандан кийин, Биримдиктин учурдагы президенти, Грециянын Европалык иштер министри Тассос Жианитсис Өзбекстандагы адам укуктарынын басмырланышы мурдагыдай эле өтө кооптуу деңгээлде экенин айтты.
"Терроризмге каршы согушта адам укуктарын жана фундаменталдык эркиндиктерди урматтоо өтө зарыл экенин бүгүн эки тарап тең бышыктады. Европа Биримдиги адам укуктарынын бузулушуна катуу кападар экенин билдирди,"- деди Жианитсис.
Жолугушуудан кийин жарыяланган документте Өзбекстандын түрмөлөрүндө кыйноо методдорунун колдонулушу жана абактагылардын арасында өлүмдүн көптүгү айыпталат.
Ошол эле мезгилде, Эл аралык Кызыл чырым уюму түрмөлөрдүн абалы менен таанышууга көбүрөөк мүмкүндүк алганы, кылмыштарды жазалоонун жумшарышы жана өлүм жазасын колдонуу сээлдей баштаганы оң жылыш катары белгиленет.
Европа биримдиги жана Өзбекстан ошондой эле Борбор Азиядагы аймактык кызматташттык, экономикалык жана соода байланыштарын талкуулашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG