Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Ирак АКШны «дүйнөнү баш ийдирүүнү каалайт» деп күнөөлөдү


Ирактын тышкы иштер министри Нажи Сабри Президент Буштун администрациясын "бүт дүйнөнү баш ийдирип алгысы келет" деп айыптады. Бүгүн Багдадда өткөн пресс-конференцияда Сабри: "Иракка каршы коалицияда Кошмо Штаттарынан башка бир гана Британия бар",- деди. Анын айтымында, АКШ менен Британия кызыл-кыргынды жана өлүмдү дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө экспорттогонду жакшы көрүшөт. "Биз мына ушул кызыл кыргындын жана өлүмдүн жолун тосууга бардык аракетибизди жумшадык",- деп баса белгилерди ирактык министр.
Нажи Сабри инспекторлор Ирактан массалык кыргын салуучу курал таба албаганын белгилеп: "БУУнун курал инспекторлору эч нерсе табышкан жок. Эч кандай далил таба алышкан жок, анткени буга негиз жок болчу. Тыйуу салынган эч нерсе тууралуу сөз кылууга болбойт",- деди.
Нажи Сабри ошондой эле АКШны жана Британияны Иракта шаар-кыштактарды бомбалоосун токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG