Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

НАТО МЕНЕН УКРАИНА КЫЗМАТТАШУУСУ КҮЧӨӨДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Ноябр айында Прага шаарында болуп өткөн НАТОнун бийик жолугушуусунда Украина президенти Леонид Кучма суук кабыл алынганына карабастан, ал саммитте НАТО менен Украина ортосунда жаңы келишим түзүлгөнү азыр гана белгилүү болууда. НАТОнун Киевдеги өкүлүнүн айтымында болсо, Украина келечекте бул уюмга кошулушу да толук ыктымал.

НАТО уюмуна Украина мүчө болуп кирүүгө кызыкдар экендиги тууралуу президент Леонид Кучма алгачкы ирет 2002-жылдын май айында жарыялаган. Бирок андан кийин бир нече коррупция чатагы ачыкка чыккандан соң, Батыш менен Киев ортосундагы мамилелер бир кыйла начарлаган. Өткөн жылы Америка Кошмо Штаттары - Иракка алдыңкы үлгүдөгү радар саткан деп Украинаны күнөөлөп, ага мурда убадаланган насыяны бербей койду. Үстүбүздөгү жылы болсо, Канада менен Улуу Британия дагы Киевке каршы экономикалык чектөө киргизди. Алардын айтымында, арам акчаны адалдоо боюнча өлкөдө орун алган тымызын жараяндарга каршы Украина жетекчилиги жетиштүү чара көрбөй жатат.

Анткен менен, 22-январда Киевде жарыяланган маалыматтарга караганда, НАТО уюму менен Украина ортосундагы кызматташуу боюнча Прага саммити учурунда атайын план кабыл алынган. Ал план боюнча, кызматташуу беш негизги багытта өнүгүүгө тийиш жана анын негизги максаты - Украинадагы саясат, экономика, коргонуу, укук менен маалымат жана изилдөөлөрдүн сапатын НАТОнун талаптарына жооп бере ала турган деңгээлге жеткирүү.

НАТО уюмунун Киевдеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Мишел Дюрейдин айтымында, кызматташуунун ал жалпы планынын негизинде эми ар бир жыл үчүн да деталдуу пландар түзүлмөкчү: "Эмки практикалык кадам - бир жылда жетиле турган максаттарды камтыган атайын планды жарыялоо. Менин оюмча, ал келерки эки аптанын ичинде даяр болот. Планда - Украина жана Украина менен НАТО биргелешип бир жылда жасай турган бардык практикалык чаралар чагылдырылат".

Дюрейдин айтымында, андан тышкары, келечекте Украина НАТОго мүчө болуп кириши да ажеп эмес.
Анткен менен, жакында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Украина калкынын арасында НАТО уюмуна болгон ишеним азаюуда. Суралгандардын 28 пайызы гана НАТОго ишенебиз деп айткан, атлантикалык уюмга ишенбегендердин саны болсо 44 пайызга жеткен. Өткөн жылдын жай айларында өткөрүлгөн сурамжылоодо НАТО уюмуна ишенбегендердин саны 34 пайыз болчу.

Бириккен Улуттардагы Украинанын мурдагы өкүлү, азыр Киевдеги Тынчтык жана демократия институтун жетектеген Сергий Комисаренконун пикиринде, акыркы окуялар менен байланыштуу, Украина калкы арасында Батышка каршы нааразылык өсүүдө, ошол эле учурда Батыш жана НАТО уюму дагы өздөрүн Украинада көп деле пропагандалабайт: "Тилекке каршы, НАТО уюму өзүн Украинада көп деле пропагандалабайт. Украиндер бул уюм жөнүндө, өзгөчө анын соңку тарыхта жана кансыз согуш учурунда кандай мааниге ээ болуп, эмнеге жетишкендиги жөнүндө эмгиче өтө аз билет".

Сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, Украинанын батыш аймактарында жашагандар арасында НАТО уюмуна болгон ишеним дагы эле жогору, андай ишеним көбүнчө орустар жашаган Крым жана чыгыш аймактарда азаюуда. Ошондуктан, НАТОго болгон жалпы ишенимдин төмөндөгөнүн - мурдагы советтик жумурияттарга акыркы мезгилде Маскөөнүн таасири улам күчөп баратканы менен дагы байланыштырса болот.

XS
SM
MD
LG