Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:54

Ооганстандын Жогорку Соту кабелдик телекөрсөтүүгө тыйуу салды


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жакында Ооганстандын Жогорку Соту өлкөдө кабелдик телеканалга тыйуу салды. Байкоочулар мындай чечимдин кабыл алынышына Ооган өкмөтүндөгү консервативдик күчтөр таасир эткенин жана радикал исламчылар менен заманбап саясатчылардын ич ара тиреши күч алып баратканын божомолдоп жатышат.

Жогорку соттун чечими менен ушул жумада Кабулда беш кабелдик телекөрсөтүүгө тыйуу салынды. Соттун төрагасы Мавлави Фазл Хади Шинвари мындай чечимге ал телеберүүлөрдүн исламдык адеп-ахлакка жарашпагандыгы себеп болгонун билдирген. Ошону менен катар Жогорку Сот Джалал-Абад шаарында кабелдик телекөрсөтүүгө тыйуу салынганына нааразы болгон телеканал ээлеринин аппеляциялык арызын кароодон баш тартты. Сот ошондой Херат акиминин окуу жайларда аялдар менен эркектердин чогуу окуусуна тыйуу салган чечимин күчүндө калтырды.

Соттун мындай чечимдерине байланыштуу байкоочулар Хамид Карзайдын өкмөтүндө радикалдуу исламдык көз караштагы күчтөр менен заман- бап көз караштагы саясатчылардын ич ара күрөшү жүрүп жатканын жана консервативдүү исламдык күчтөр Ооганстандын конституциясын иштеп чыгуу процессине активдүү кийлигишүүгө аракеттенип жатышканын божомолдойт. Хьюман Райтс Уотч Уюмунда иштеген юрист Жон Сифтон:

- Ислам фундаментталисттери билим берүү системасы жана Конституция тууралуу жүрүп жаткан дебаттарга катышып, ага таасир этүүгө эле аракеттип жаткан жери жок. Алар саясий сахнага чыгып, Ооганастандын өкмөттүк аппаратында таасирдүү күч болгулары келишет. Бул тынчсызданууга негиз берет. Ооганстан сыяктуу көп улуттуу ар кыл маданияттарды камтыган өлкө теократиялык, башкача айтканда, Кудайды бийлик туткан мамлекет боло албайт деген пикирдемин.

Ооганстанда учурда Бурханитдин Раббани баш болгон Жамият-и-Ислами жана Абдул Расул Саяф башчылык кылган Иттихад-и-Ислами деген эки топ бар. Алардын өкмөттө өкүлдөрү бар экенин белгилей кетүү керек. Ооган саясий байкоочулар бул экөө тең 2004- жылга пландаштырылган президенттик шайлоого ат салышаарын божомолдоп жатышат. Серепчилер Карзайдын өкмөтүнө болгон ишенимди кетирүү максаты менен алар өткөөл администрацияга барган сайын көбүрөөк кысым көрсөтүп жатышканын жана, тилекке каршы, Карзай бул кысмакка туруштук бере албай жатканын белгилешет. "Көптөгөн кабулдуктар президент Хамид Карзай менен Жогорку Соттун төрагасы Шинвари радикалдуу көз караштагы исламчылардын кысмагына туруштук бере албай жатканына тынчсызданып жатышат. Андай кабатырланууга көптөгөн оогандардын түркөй Исламдан көңүлү көкташтай калганы негиз берүүдө",– дейт укук коргоочу юрист Сифтон.

Бирок Шинвари эч кандай кысымга дуушар болбогонун билдирет. Кабелдик телекөрсөтүү туралуу чыгарылган чечим жөнүндө ал: "Мен мусулманмын жана Куранда арам делинген нерсени адал дей албайм. Кудай урсун бул чечимдин артында эч кандай саясий себеп жок",- деп ишендирет.

Ошентсе да саясий серепчилер Лойа Жырга шайлаган Хамид Карзайдын өкмөтүндө иш жүзүндө консервативдүү исламчылар бир топ таасирге ээ экенин айтып жатышат. Чет элдик саясатчылар менен журналисттерге Ооганстанда "заманбап" ислам республикасын куруу пландары жөнүндө кеп кылганы менен, оогандардын өздөрүнө - консервативдүү динчилдердин көз карашын жактаганын туйунтууда.

Ооганстандагы укуктук жагдайды текшерип чыгуу үчүн жакында БУУ өлкөгө бир топ укук коргоочуларды жөнөткөнү жатат. Уюм Херат провинциясында аялдардын окуусуна тыйуу салынганына кабатырланууда. Эгерде Хераттагы мыйзам ишке ашса, көптөгөн аялдар таптакыр эле билим ала албай калышат.
XS
SM
MD
LG