Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

БИЙЛИК БУТАКТАРЫНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫНДА КАНДАЙЧА БӨЛҮШТҮРҮЛҮҮДӨ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек шаары Учурда коомчулукта Конституциянын жаңы редакциясында жогорку бийлик бутактарына ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшү тууралуу карама-каршы пикирлер айтылууда. Оппозиция өкүлдөрү жаңы редакция боюнча мамлекет башчысы кайрадан эле чексиз бийликке ээ болду дешсе, аткаруу бийлик өкүлдөрү алардын пикирин жокко чыгарышууда.

Ар бир өлкөдөгү жогорку бийлик органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктардын адилеттүүлүк менен тең бөлүштүрүшү, ал өлкөдөгү атуулдук коомдун, демократиянын өнүгүшүнө шарт түзүп, адам укугунун сакталышына кепил болот. Ошондой эле эң жогорку бийлик жетекчисинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышына чек койот. Мына ушул өңүттөн алып караганда, учурда элдик референдумга сунушталган Конституциянын жаңы редакциясында бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктар кандай бөлүштүрүлдү деген суроо туулат. Учурда кыргыз коомчулугунда мына ушул маселенин тегерегинде кызуу талаш-тартыш уланууда.

Айрым байкоочулардын пикиринде, мындай саясий атаандашуунун бир өйүзүндө мамлекет башчысы турган аткаруу бийлиги, экинчи жагында оппозиция баштаган күчтөр турат. Айрыкча соңку күндөрү мамлекет башчысы баш болгон аткаруу бийлик өкүлдөрү республиканын жер-жерлерин кыдырып, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча түшүндүрүү иштерин кызуу жүргүзө башташты. Бишкек шаарындагы бийлик өкүлдөрү, илимий кызматкерлер, жогорку, орто окуу жайлардын окутуучулары өздөрү туулуп-өскөн райондорго референдумга колдоо көрсөтүү максаты менен жөнөтүлдү.

Ал эми мамлекет башчысы болсо өз аракеттерин адегенде, Бишкек шаарынан баштады. Аскар Акаев Бишкек шаарынын бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан учурда мындай деп айтты:

- Мен президент катары, парламент, өкмөт менен өз ыйгарым укуктарымды бөлүштүм. Жыйынтыгында биз эң күчтүү парламентке ээ болдук.

Ал эми 21-январда Ош обласынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан учурунда президент Конституциянын жаңы редакциясынын негизинде, өлкөдөгү эң жогорку бийлик жетекчилери, Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындала тургандыгын, Жогорку Кенеш болочоктогу өкмөткө көзөмөл кылуу ыйгарым укугуна ээ болгондугун жана депуттарга кайрадан кол тийбестик ыйгарым укуктары кайтарылып берилгендигин баса белгиледи. Жогорудагыдай эле пикирин Аскар Акаев 22-январда Жалалабад обласынын, 24-январда Баткен обласынын бийилик өкүлдөрү менен жолугушкан учурда кайталады.

Мамлекет башчысынын мындай пикири менен республикадагы бир катар сасий партиялардын, бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү макул эмес. Алардын көз-карашы боюнча Конституциянын жаңы редакциясында, жогорку бийлик бутактарына ыйгарым укуктар мамлекет башчысы белгилегендей адилеттүү бөлүнгөн жок. Бул тууралуу Кыргызстан коммунистер партиясынын жетекчиси, Мыйзам чыгаруу жыйнын депутаты Абасамат Масалиевдин пикири төмөндөгүчө:

- Мына азыр президент өзү баш болуп алып, бардык областарга барып, бардыгы туура болуп жатат, парламентке бардык бийликти бердим деп бир жактуу туура эмес маалымат берүүдө. Өзүнө берилген ыйгарым укуктар тууралуу чындыкты элге айтпай жатат.

Абсамат Масалиевдин айтымында, Конституциялык кеңешме иштеп чыккан баш мыйзамдын жаңы долбооруна прзиденттин жардыгы менен түзүлгөн Эксперттик топ олуттуу өзгөртүүлөр киргизди. Иш жүзүндө, мамлекет башчысы жолугушууларда белгилегендей, республиканын болочок парламентине эмес, өлкө башчысына чексиз укуктар берилди. Маселен, республиканын болочок парламенти жогорку бийлик жетекчилерин дайындоого катышканы менен аларды кызматтан алууну президент өз колуна алды. Мындан сырткары, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча мамлекет башчысы бардык жасаган аракеттери үчүн эч бир бийлик органынын алдында саясий жоопкерчиликке тартылбай тургандыгы жазылды. Ошону менен бирге, Эксперттик топ Конституциянын жаңы редакциясына экс-президентке байланышкан маселерди киргизген,»-дейт Абсамат Масалиев.

Оппозиция өкүлдөрүнүн жана башка коомчулуктун жогорудагыдай пикирлерине, өкмөттү колдогон депуттардин пикири дал келбейт. Аталган маселе Мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланган учурда, депутат Турудакун Усубалиев мындайча пикирин билдирген болуучу:

- Конституциянын жаңы редакциясында, Конституциялык кеңешмеде оппозиция депуттары айткан талаптардын бары тең чагылдырылып көрсөтүлгөн. Натыйжада, мындан ары Кыргызстанда парламентсиз, өкмөтсүз бир дагы мамлекеттик маселе чечилбейт. Ага карабай эмне үчүн оппозиция өкүлдөрү элдик референдумга каршы чыккандыгына түшүнбөйм.

Ошентип, учурда, республиканын жер-жерлеринде, Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу карама-каршы маанидеги пикирлер өкүм сүрүп келет. Ал кимдин пайдасына чечилээри референдумдан кийин аныкталат.
XS
SM
MD
LG